Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

ТАЛИПТЕРДИН ШАЙЫ ООДУБУ, ЖЕ ТАКТИКАСЫ ОШОНДОЙБУ?


Ооганстандын түштүк-чыгыш тарабындагы Хост, Пактиа, Ловгар, Нангархар дубандарында кызмат өтөп жаткан америкалык аскерлер бул аймактарда талип согушкерлеринин коркунучу азайганын айтып жатышат. Буга чейинки чабуулдардын көбү талиптердин уюткусу болгон пуштун уруулары жашаган Пакистан тараптан башат алчу. Азыр болсо америкалык командачылык негизги көңүл өлкөнү калыбына келтирүү иштерине бурулуп жатканын белгилөөдө.

Ооганстандын Пакистан менен чектеш түштүк-чыгыш аймактары соңку кездери эл аралык коомчулуктун назарын өзүнө буруп келди. Талиптер менен "Ал-Каиданын" калдыктары куралдуу козголоңдорун токтотпой келаткан чөлкөм деп саналган ушул жерлерге эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дүйнөлүк маалымат каражаттарынын кабарчылары үзбөй каттап турушат. Бирок, дал ошол Ооганстан-Пакистан чек арасына чукул жерде жайгашкан америкалык деңиз аскерлеринин "Кэмп-Салерно" базасынын жетекчилери кырдаал башка аймактарга караганда кыйла тынчып калганын айтышууда. Хост провинциясынын жана андан түндүгүрөөк тараптагы дубандардын өкүлдөрү да америкалык аскерлер негизинен аймакты калыбына келтирүү иштери жана жергиликтүү армия менен полицияны машыктырып үйрөтүү менен алектенип жатканын белгилешет.


АКШнын 1000ге чукул деңиз аскери кызмат өтөп жаткан "Кэмп Салерно" базасынын полковниги Лэнс Элфорд "талип жоочуларынын коркунучу канчалык?" деген суроого төмөнкүдөй жооп узатты.

- Алар азыр күчтөн тайып калышты. Кээ бирде чек аранын ар башка жерлерин бузуп өтүүгө аракет жасашат, бирок ошол замат биздин аскерлер тарабынан тузакка илинишет.


Полковник Элфорд жоочулардын басымдуу бөлүгү Пакистан тараптан өтүп келип жатканын айтат. Ал соңку айлар ичинде куралдуу топтордун чек арадан өтүп, кол салуу аракеттери бир аз жандана түшкөнүн кошумчалай кетти.

Ооганстандагы АКШ жетектеген 18 миңдей колдон куралган көп улуттуу күчтөрдүн командачысы, генерал майор Эрик Олсон талип жоочулары мыкты уюшулган күч-кубатка ээ болбосо да, айрым артыкчылыктардан пайдалана аларына көңүл бурат.


- Проблеманын баары – бул күрөштөгү талиптердин айрым артыкчылыктарында. Алар абдан күчтүү, мыкты курал-жаракчан болбогон күндө да, өз максатына жетүүнүн жолун табышы мүмкүн. Айталы, эгерде талип жоочулары ооган элинин ансыз да эки анжы болуп турган бөлүгүн толкундатып жибере турган кандайдыр опуртал окуяларды уюштурса, эл аралык коомчулук, айрыкча шайлоого колдоо көрсөтүп жаткан эл аралык уюмдар коркуп-үркүп кетсе, ошондо биз кыйын абалга туш болобуз.



Ал күздөгү шайлоо маалында жана ага чейин талиптерди – олуттуу коркунуч келтире алчу күч катары караштырган оң, ошондо гана ар кандай күтүүсүз чабуулдардын мизин кайтаруу жеңил болот деп басым жасайт.

Ошентсе да, Ооганстандын бул опурталдуу аймагында жайгаштырылган америкалык аскерлердин эки жетекчиси экөө бирдей ушу тапта негизги аракеттер – элдин жашоосун калыбына келтирип, жергиликтүү полиция менен коопсуздук кызматтарын күчтөндүрүүгө багытталып жатканын белгилешти. Аскерлердин бир бөлүгү Ооган провинцияларын кайра куруу уюмуна көмөк көрсөтүп, Хост, Гардез жана башка калааларда жер казып, калкты таза суу менен камсыздоого, мектеп-ооруканаларды куруу иштерине тартылууда. Америкалык командачылык ушундай иштер аркылуу чет элдик аскерлер жергиликтүү элдин ишеничине ээ болорун айтышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG