Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

Грузия менен Түштүк Осетия ортосунда ок атышууну токтотуу келишими түзүлдү


Грузиянын курамындагы Түштүк Осетияда ок атышууну токтотуу келишими түзүлдү жана кечээги түндөн бери ал аткарылууда. Бейшемби күнү төрт адам өлүп, дагы бир нече киши жараат алган жана жума күнү аймакка Грузиянын премьер-министри Зураб Жвания келген. Анын машинесине каршы дагы ок атылган, бирок андан соң келишим түзүлдү. Грузиянын парламенти кечээ күнү атайын чечим кабыл алып, орусиялык бейпилдик күчтөрдүн Түштүк Осетиядан чыгарылышын талап кылды, алардын ордуна эл аралык күчтөр келүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG