Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

16-августтан тарта Баткен облусу менен Өзбекстандын чек арасын минадан тазалоо башталды


БАТКЕН. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, миналарды тазалоо Өзбекстандын куралдуу күчтөрү тарабынан жүргүзүлөт. Ал эми ушул дүйшөмбүдөн тарта мина катылган жерлерди аныктоо жана мындай аймактарга желекчелерди орнотуу иштери башталды. Бул иштер бүтөөрү менен өзбек тарап чек ара аймактарына койгон миналарын алып чыгып кетмекчи. 1999-жылы Баткенге кол салган куралчан топторго каршы күрөшүү учурунда өзбек тарап өзүн коргоо максатында чек арага мина койгон. Бул миналардан Баткен облусунун аймагында 14 жарылуу болуп, андан облустун 2 тургуну каза таап, үчөө оор жарат алган. Мындан сырткары эл бир канча мал-жанынан ажырап, жалпысынан 7 млн. сомго жакын чыгым тарткан. Кыргыз тараптын өзбек бийлигине миналарды тазалоо же мина көмүлгөн аймактардын картасын берүү өтүнүчүнөн буга дейре эч кандай майнап чыкпай келген эле. Өзбекстандын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун туруктуу кеңешинин ушул жылдын июнь айында өткөн жыйынына катышкан өкүлдөрү чек арага коюлган миналарды жакын арада тазалоого убада кылган.

XS
SM
MD
LG