Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Орусиянын башкы энергетиги келет


БИШКЕК. 19-августта Кыргызстанга ОРуссиянын «Бирдиктүү электр системасынын» башкармалыгынын башчысы Анатолий Чубайс келет. Ал Бишкекте президент Аскар Акаев, өкмөт башчы Николай Танаев менен жолугушуп, энергетика тармагында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. Анын жыйынтыгында тараптар энергетика тармагында кызматташуу жана Камбарата ГЭСтерин куруу боюнча меморандумга кол коюшат. Россиянын башкы энергетиги Токтогул ГЭСинде жана Камбарата ГЭСтеринин курулуш аянттарында болмокчу. Кыргызстан менен Оруссиянын энергетикалык системалары өткөн жылдан бери тыгыз кызматташууда. Ошол мезгилден тарта Кыргызстан электр энергиясын Оруссияга экспортко чыгара баштаган. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын «Электр станциялар» акционердик коомунан кабарлашты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG