Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

АМЕРИКАНЫН ЖАҢЫ АСКЕРДИК СТРАТЕГИЯСЫ


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Америка Европа менен Чыгыш Азиядагы он миңдеген аскерлерин чыгарып кетерин жарыялады. Буштун айтымында, "кансыз согуш" маалындагы дүйнөлүк кырдаалга жараша жайгаштырылган ал аскерлер эми жаңы коркунучтарга, "Ал-Каида" сыяктуу уюмдарга каршы күрөш жүргүзүүгө ыңгайлаштырылат. Андан улам, аналитиктер Америка азыр Германия, Түштүк Кореяда жайгашкан аскерлеринин ири бөлүктөрүн Чыгыш Европа менен Борбор Азияга көчүрөт деп боолгоп жатышат.

Ошентип, мурдагы Советтер Союзу менен Батыштын ортосундагы "темир көшөгө" кулаганына 15 жыл болгондон кийин Америка аскердик стратегиясын өзгөртүп, эски душмандарды артка таштап, жаңы коркунучтарга каршы бет алууга камданып калды. Дүйшөмбү күнү Цинциннати шаарында ардагер аскерлер алдында сүйлөгөн Жорж Буш Кошмо Штаттардын жаңы аскердик стратегиясы тууралуу көз карашын билдирди.

- Жаңы план бизге ХХI кылымдагы уруштарда күрдөөлдүү күрөшүп, жеңип чыгуубузга жардам берет. Ушул стратегия бизге дүйнөдөгү өнөктөштөрүбүздүн катарын кеңейтип, бейпилдикти туу туткан тилектештикти бекемдейт. Ошондой эле аскерлер арасындагы жалпы маанайды жакшыртып, алардын жакындарынын сарсанаасын азайтат.

АКШнын жаңы аскердик планын ийине жеткирүүгө, адистердин айтымында, дагы кеминде эки жыл талап кылынат. Бирок, президент Буш эмитен эле айрым иш-чаралар белгиленип калганын ачык айтты. Мисалга, алдыдагы 10 жыл ичинде америкалык 70 миңдей аскер, үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо, бардыгы 100миңдей адам Европа менен Азиядагы азыркы базалардан башка жактарга көчүрүлөт. Президент баарын так айтпаса да, Вашингтондун өкүлдөрү жакынкы жылдары Америка Европадагы аскердик базаларынын дээрлик жарымына жакынын жаап, Түштүк Кореядагы контингентин кыскарта турганын маалымдашты. Мурда жарыяланган пландар боюнча, Вашингтон Сеулдагы аскерлеринин баарын чыгарып кетип, Түндүк Корея менен чектеш аймактарда кызмат өтөп жаткан атайын бөлүктөрдү Түштүк Кореянын борбордук аймактарына көчүрөт.

Айрым аналитиктер Европа менен Чыгыш Азиядан чыгарыла турган америкалык аскерлер келечекте Чыгыш Европа менен Борбордук Азияда жайгаштырылышы мүмкүн деген пикирлерин айта баштады. Вашингтондогу Коргонуу маалыматы боюнча борбордун эксперти Маркус Корбин АКШлык аскерлердин жаңы конушу – Болгария, Польша, Өзбекстан болушу ыктымал деп эсептейт.

- Мен базалар деп да айткым келбейт, анткени азыр Америка орнотуп жаткан техника-жабдык, контингенттин мүнөзү мурдагы база деген түшүнүктөн бир топ айырмаланат, айтор ошондой жаңы контингенттер Польша, Болгария, Өзбекстан өңдүү өтө зарыл муктаждык чыгып калса, керек болчу аймактарга жайгаштырылышы мүмкүн. Ошол эле маалда ал жердеги аскерлердин санын кескин көбөйтүү азыркы шарттарда кажет эмес.

Вашингтондук эксперт Корбин АКШнын болочок аскердик базалары аларды кабыл алчу өлкөлөргө экономикалык пайда алып келерин белгилейт. Ал мисалга Германиядагы 70 миңдей америкалык аскерлерди тейлөө иштерине 15 миңдей немец тартылганын айтат. "АКШнын жаңы аскердик пландары ишке ашканча көп бар, бирок Өзбекстан азыр да чакан америкалык базадан экономикалык киреше таап жатканы белгилүү", - деп басым жасайт Корбин. Анын пикиринде, Вашингтон Ооганстандагы согуштук операциялар биротоло аяктагандан кийин гана Өзбекстандагы контингентин кеңейте башташы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG