Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:16

18-августтка аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин маалыматы боюнча, 18-августта Кыргызстанда күндүз кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35 градус ысык болот.
Ал эми ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31 градустун айланасында.
ТАЛАСТА +11…+16, күндүз +25…+30 градус.
Тоолуу НАРЫН аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +27…+32.
БИШКЕКТЕ күн күркүрөп, өткүн өтөт. Батыштан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым учурларда 15-20 метрге жеткен жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +30…+32 градус.


Кабарларды Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Аба ырайы жөнүндөгү маалымат менен Алиена Кангелдиева тааныштырды.

XS
SM
MD
LG