Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

ПАСПОРТУНДА ТУРУКТУУ ЖАШАГАН ЖЕРИ ТУУРАЛУУ БЕЛГИСИ ЖОК АТУУЛДАР ШАЙЛОО КҮНҮ ШАЙЛООГО КАТЫШТЫРЫЛБАЙТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Борбордук шайлоо комиссия башчысы Сулайман Иманбаевдин айтымында, келээрки шайлоолордо паспортунда туруктуу жашаган жери тууралуу белгиси жок жарандар шайлоого катыштырылбайт. Буга байланыштуу айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү учурда Кыргызстанда орто эсеп менен паспортунда туруктуу жашаган жери жок 350 миңден ашуун атуул бар экендигин айтышып,аткаруу бийлигинен бардык атуулдардын шайлоого катышуусуна бирдей шарт түзүп берүүнү талап кылышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Сулайман Иманбаевдин «Азаттык» радиосунун кабарчысына берген маалыматына караганда, Кыргызстандын шайлоо кодексине ылайык тиешелүү бийлик органдары тарабынан шайлоого чейин паспортунда туруктуу жашаган белгиси боюча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт. Ага ылайык паспортунда туруктуу жашаган жери жок атуулдар шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт жана шайлоо күнү добуш берүүгө катыштырылбайт:

- Паспортунда туруктуу жашаган жери тууралуу белгиси жок кишилерге эч ким блютен бербейт жана берүүгө акысы жок. Ошон үчүн мыйзамдагы тартип боюнча паспортунда белгиси бар кишилер гана шайлоочулардын тизмесине кирет, андай белгиси жок кишилер тизмеге кирбейт. - дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Сулайман Иманбаев.

Мына ушул маселеге байланыштуу өткөн аптада Эдил Байсалов жетектеген «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалиция жетекчилиги маалымат жыйынын өткөрүштү. Эдил Байсаловдун айтымында, учурда Кыргызстанда ар түрдүү себептер менен үй-жайы жоктугуна байланыштуу паспортунда туруктуу жашаган жери көрсөтүлбөгөн 350 миңден ашуун атуул бар. «Өз мезгилинде мынча сандагы атуулдарды шайлоого катыштырбоо Баш мыйзамды одоно бузгандыкка жатат» дейт Эдил Байсалов:

- Чындыгында эле каттоодон өтпөгөн адамдардын санын такташ абдан кыйын. Биз болжол менен эң аз санды айтып жатабыз. Чындыгында паспортунда туруктуу жашаган жери көрсөтүлбөгөн атуулдардын саны беш жүз миңден жети жүз миңге жетет. - деген Эдил Байсалов өлкөдөгү ар бир атуулдун шайлоого катышуусун камсыз кылуу аткаруу бийлигинин түздөн түз милдети экендигин кошумчалды:

- Шайлоочулардын добуш берүүсүнө шарт түзүп берүү-мамлекеттин түздөн-түз милдети. Жөн эле кандайдыр бир эреже же бөгөт коюп коюп, «ким өз укугун билсе шайлоого катышат» деген туура эмес. Бул адилеттүү шайлоого жатпайт.

Эдил Байсаловдун жогорудагыдай пикирине аткаруу бийлик өлкүлдөрү макул эмес. Маселен, Борбордук шайлоо комиссия башчысы Сулайман Иманбаев добуш берүүгө катышуу ар бир атуулдук жеке укугу экендигин белгилеп, шайлоого чейин өзүнүн жашаган жери боюнча шайлоочулардын тизмесине жазылбаган атуулдардын артынан бийлик чуркабай тургандыгын эскертте кетти:

- Ар ким өз укугун пайдаланууга өзү аракет жасаш керек. Ар бир адамдын аркасынан чуркоо деген болбойт, - дейт Борбордук шайлоо комиссия башчысы Сулайман Иманбаев.

Айрым байкоочулардын айтымында, чындыгында эле аткаруу бийлиги шайлоого чейин мындай шайлоочулардын тизмесин тактоого кызыкдар эмес. Анткени шайлоо күнү кимдир бирөөлөр паспортунда туруктуу жашаган жери жок атуулдарды топтоп алышып, каалаган шайлоо участокторуна алып барып кайталап добуш бердириши толук ыктымал. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдил Байсаловдун пикириде, мындай абалдан чыгуунун эки жолу бар. Биринчиден, шайлоого чейин аткаруу бийлиги шайлоочулар арасында жетишээрлик түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү зарыл. Экинчиден, келээрки шайлоолорго чейин Кыргызстандын шайлоо кодексине добуш берүүнүн алдында ар бир шайлоочуунун колуна атайын аппараттан көрүнө турган түсү жок бойок чачып белги кою ыкмасын киргизүү керек:

- Эгерде мыйзамдуу түрдө добуш берүүнүн алдында шайлоочулардын колуна белги кою эрежесин киргизип койсок, кайталап добуш берүүгө бөгөт коюлат. Анткени бир адам бир жерде добуш берет да башка жерде добуш бере албай калат. - дейт Эдил Басалов.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Сулайман Иманбаевдин айтмында, шайлоо кодексине мындай өзгөртүү киргизүү зарчылыгы жок:

- Бизде мындай эрежени киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Анткени бизде кайталап добуш берүүгө бөгөт коючу башка жолдор жакшы каралган, - дейт Иманбаев.

Ал эми ушул эле күнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев шайлоо кодексине шайлоочулардын колуна атайын белги кою боюча өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жазгандыгын жана ал сентябрь айында Мыйзам чыгаруу жыйында карала тургандыгын кошумчалады.

Ошентип кадырлуу угармандар, келээрки парламенттик, президенттик шайлоолорго чейин шайлоо кодексине мындай өзгөртүү киргизилеби жокпу аны убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG