Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:42

Ыссыккөл областында жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык күч алды


КАРАКОЛ. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жоомарт Барктабасовдун айтымында, облус боюнча 245 округдук шайлоо комиссиясы түзүлдү. Райондук, айылдык, поселкалык жана шаардык кеңештерге 913 депутат шайланат. Ушул тапта Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексинин негизинде ар бир шайлоо комиссиясынын үчтөн бирине саясий партиялардан, коомдук кыймылдардан талапкерлер сунушталууда. Ошондой эле мамлекеттик муниципалдык кызматтардан талапкерлер тандалууда. Жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлерди көрсөтүү протоколу 19-августта райондук жана шаардык кеңештердин кезексиз сессияларында, андан соң облустук шайлоо комиссиясында каралат.

XS
SM
MD
LG