Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:44

МАНАСТЫН СЫЙКЫРДУУ БЕЛГИСИ, АФГАНИСТАНДАГЫ СОГУШТУН АРДАГЕРЛЕРИНИН КОНГРЕССИ, КЫРГЫЗЧА КАРАОКЕ-ДИСК ЧЫКТЫ


Кыргызстанга кандай дипломатиялык кызматтар керек, окууга даярдык жана «Манастын сыйкырдуу белгиси » дегн макалалар «Общественный рейтинг» басылмасында орун алган. Афганистандагы согуштун жана башка жергиликтүү чыр чатактардын ардагерлеринин таламдарын коргогон 50гө жакын ата мекендик уюм конгресске биригүүнү чечишти. Бул туурасында «Вечерний Бишкек» басылмасы маалымдады.

Потенциалдык инвесторлор шекер өндүрүшкө инвестицияларды берүүдөн баш тартты. Негизги себеби ушул тармакта болгон чыр чатак деп белгилейт макаланын автору. Анын ою боюнча, Шекер да буудай сыяктуу эле стратегиялык продукт болуп саналат. Ошону үчүн, рынокту туруктуу кылыш үчүн мамлекеттин да жардамы керек. Бул тууралуу окурмандар 19 августта чыга турган «Общественный рейтинг» басылмасында «Шекердин даамы» деген макалада тааныша алат. Ошондой эле басылманын ушул эле санында, жакынкы келечекте элчиликтер эки гана функцияны аткарып калышы мүмкүн. Бул мамлекеттик желекти демонстрациялоо жана консулдук иштерди чечүү. Чет жактагы жана биздин элчиликтердин көбү көп убакытка дейре айлыктарын алышпайт. Кыргызстанга кандай элчиликтер керек, ал эми кандайы кереги жок. Бул тууралуу гезиттин эксперти Мурат Суюнбаевдин пикири орун алган.

Окуу жылынын башталаарына аз эле убакыт калды. Кийим жана бут кийим сатып алууга ата энелер жок эле дегенде 500 сом, ал эми окуу куралдарын алууга 150 сомдон кем эмес акча керектелет. Басылманын кабарчысы ушул маселени иликтөө максатында атайын базарга барып маалымат чогултуп келген.

Көрсө, «Манас» деген сөз дүйнөлүк символдордун жана байыркы түшүнүктөрдүн бири экен. Болот Шамшиевдин «Манас» эпосун 40 жылдан ашуун иликтөөсү укмуштуудай гипотезага алып келген. «Манас» эпосунун жаралыш түбү жер жүзүндөгү байыркы адабий–диний Веда, Авеста, Махабхарат, Библия сыяктуу мурастарга тандык экенин айткан. Бул жөнүндө кинорежиссер Болот Шамшиевдин «Манастын сыйкырдуу белгиси» аттуу кыскача жазуу каттары чыкмакчы.

Ал эми бүгүн басылып жаткан Заман кыргызстан гезитинин кыскача мазмуну менен басылманын жооптуу катчысы Абдыкерим Муратов тааныштырат:

- Басылмада генерал-майор Ашырбек Бакаев менен маек орун алган. Анда А.Бакаев кыргыз аскерлеринин эрдиги, алардын огу түгөнсө деле күрөшүүгө дайым даяр деп билдирген. Ошондой эле Бробордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин интервьюсу жарыяланат. Анда ал келерки шайлоолордо аялдардын катышуусу туурасында пикири чагылдырылат. Мындан сырткары, Бишкектеги кафелердин коомчулука алып келген айрым маселелери козголот. Атап айтсак, алардын санитардык абалы. Элдин тынчтыгын бузуп жатканы жөнүндө макала чыгат. Азыр Афинада өтүп жаткан Олимпиада оюндарыны жүрүшү туурасында макалалар орун алган.

Мындан сырткары 18 августта жарыка чыккан «Вечерний Бишкек» басылмасында «Оку, мугалим!» деген макаласы чыкты. Анда Региондордогу мугалимдер өз областтарында эле квалификациясын жогорулатуучу курстардан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышканы туурасында жазылган.

Афганистандагы согуштун жана башка жергиликтүү конфликттердин ардагерлеринин таламдарын коргогон 50гө жакын ата мекендик уюм конгресске биригүүнү чечишти.

Конгресс 10 миңге жакын адамды бириктирген бейөкмөт уюм болуп саналат. Ардагерлер алдыдагы жергиликтүү бийлик органдарына жана республиканын Жогорку Кеңешине шайлоолорго активдүү катышып, “Алга, Кыргызстан!” партиясы менен тыгыз кызматташтыкта иш алып бармакчы. Бул тууралуу басылманын кабарчысы Азамат Касыбеков «Өз укугу үчүн күрөш» деген ат менен макалада чагылдырган.


Кыргыз тилиндеги ырлар жазылган караоке-дискалар өлкөнүн министрликтерине, кээ бир окуу жайларына жана алыскы чегара заставаларына акысыз берилмекчи.
Бул тууралуу “Бабур” кайрымдуулук фондусунун байкоочу кеңешинин мүчөсү Токтогул Какчикеев басылмага билдирген. Т.Какчикеев мамлекеттик тилдеги караокени түзүүнүн максаты жаштарга кыргыз элинин мурасын үйрөтсөк, - деп белгилеген.
XS
SM
MD
LG