Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:48

Грециялык эки алдыңкы жөө күлүк Олимпиадага катышпай калды


Алар өткөн аптада мотоциклде баратып кырсыкка учурап, жеңил жараат алгандыктан, допинг боюнча текшерүүгө катышпай калып, Олимпия оюндарынан чыгып калышты. 200 метрге чуркоо боюнча чемпион Костас Кентерис жана өткөн Олимпиадада экинчи орунду алган күлүк Катерина Тану бүгүн Эл аралык олимпия комитетинде быйылкы оюндарга катышпай турганын жарыялап, мекендештеринен кечирим сурашты. Бүгүн Афинада бир кишилик кайыктагы жарышта Франциялык спортчу Тони Эстанке алтын медалды, Словакиялык Михал Мартикан күмүш, Германиялык Стефан Пфанмөллер коло медалды жеңип алышты. Аялдар арасындагы ушундай эле мелдеште Словакиялык Елена Калиска өз өлкөсүнө алгачкы алтын медал алып келди.

XS
SM
MD
LG