Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:00

Ооган президенти 9-октябрга белгиленген президенттик шайлоону тынч өткөрүүгө сөз берди


Анын өкмөтүнө каршы согушуп келаткан талип жоочулары шайлоого бүлгүн салууга ант беришкен. Карзайдын билдирүүсү бүгүн Кабулда өлкөнүн Британиядан көз карандысыздык алганына 85 жыл толгону белгиленип жаткан чакта жарыяланды. Ал тапта ооган согушкерлеринин командири жана Герат провинциясынын акиминин басма сөз өкүлү шейшембиде күчүнө кирген кан төгүүнү токтотуу макулдашуусуна баш ийерин бышыкташты. Талаа командири Аманулла Хан жана Гераттын акиминин өкүлү Саед Алави бул тууралуу атайын маалымат жыйынында айтышты. Анын алдында Гераттагы куралдуу касташууда эки тараптан ондогон кишилер курман болушкан. Кечээ Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Ооганстандагы коопсуздукту күзөтө турган эл аралык күчтөрдү чукул арада кеңейтүүгө үндөгөн.

XS
SM
MD
LG