Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

Адаттагыдай эле кезек "Талант тагдыры" аттуу түрмөгүбүздө. Кабарчыбыз Балбай Алагушовдун дүйнөлүк ысымдагы Эл артисти Болот Миңжылкыевдин жаркын элесине арналган "Өзү өлсө да үнү өчпөйт" аттуу музыкалык эстутумун угуңуздар.

1997-жыл. 16-август. Санктпетербург. Айтылуу Мариин театрынын залын жаңырта ырдап, жаадырап-жайнап, бейкапар иштеп жүргөн дүйнөлүк ысымдагы улуу опералык ырчы Болот Миңжылкыевди шум ажал капилеттен алып кеткен эле.

Бишкек. 20-август. Калдайган кыргыз калкы маркумду көмгөнгө колдору барбай жатышып, о,дүйнөгө узатышкан эле. Сөөгүн Аларча көрүстөнүнө коюшкан.

Мына, андан бери ачып-көздү жумгуча арадан жети жыл зымырап өттү. Убакыт учкан куштай закымдап канат сермеген сайын Болоттун өтөгөн өмүрү, өнөрүнө, курбу-курдаштарына, энесине, ага-туугандарына, кесиптештерине болгон мамилеси, кыял-жоругу, басканы-турганы, сахнада ырдаган күндөрү баштагыдан да бажырая көз алдыңа тартылат. Анан өнөрлүүнүн өзү өлсө да, сөзү, үнү өчпөйт тура дейсиң.

Улуу ырчынын энеси Бахрушанын (Тамаранын) атасы казак, апасы татар. Ал Казакстанда төрөлгөн. Кесиби боюнча мугалим. Секелек кезинен бийге ышкысы артып, Улуттук Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын бийчилер тобунда бийлейт. 1939-жылкы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катышат. Азыркы тапта Бахруш апа 82 жашта. Төрт уулдун энеси. Тилекке каршы эң улуу уулу Болот баштаган эки баласынын өмүрү да кырчын кезинде кыйылган. "Беш кол тең эмес" дегендей Бахруша апанын балдарынын ичинен эң күйүмдүүсү, эң эне жандуусу Болот экен. Анда, кеп Бахруша апада:

- Берекем Бокеним жарык дүйнөгө келгенден өлөр-өлгөнчө мени менен жаны бирге эле. Ал атасына, инилерине, кийин үйлөнгөндө келинчегине айтпаган сырларын мага төгүлө-чачыла бирин калтырбай айтаар эле. "Ар бир баланын кыял-жоругу ар башка" дегендей Бокемдин кыял-жоругу, улууну урматтап, кичүүнү сыйлагнан адамкерчилиги, үстүңө үйрүлүп түшө калган боорукерчилиги, кара кылды как жарган калыстыгы, бапыраңдаган колу ачыктыгы менен башка балдарымдан кескин айырмаланган эле. Бокем мени менен "муну мындай, тигини тигиндей кылсам эмне болот" деп, көп акылдашчу. Менин берген кеңештеримди, айткан акылдарымды эки дебей кабыл алышчу. Бокемде бала күнүнөн калыптанган өзүнө гана мүнөздүү жакшы сапаты бар эле. Мектепте окуп жүргөндө? студенттик күндөрүндө, иштеп жүргөндө, айылдарга, шаарларга, алыскы чет өлкөлөргө гастролдорго чыкканда мейли күн, мейли түн болсун телефон чалып "менин алтыным, менин сулуум кандайсың. Мен жакшымын. Менден камсанаба. Жаныңды бак. Көрүшкөнчө аман бол, алтыным" - деп, ал ахыбалымды такай сурап туруучу. Тагдыр деген татаал экен. Бокеним о,дүйнөгө эрте кетти. Мен калдым. Бокенимди бассам-турсам, жатсам да эстейм. Ар дайым Бокеним "мына, мына эми эшикти ачып кирип келет" деген үмүтүмдү үзбөй жашап келем, - дейт Бахруша апа.

Ал эми Болот апасын көргөн сайын обончу-ырчы Аксуубай Атабаевдин: "Эне жөнүндөгү баллада" аттуу ырынын төмөнкүдөй сабактарын:
Тамчыдай денедеги сүтүң менен,
Талпынтып ак бешикке баккан энем.
Нуруңа, мээримиңе магдыраткан,
Маңдайда менин батпас күнүм белең.
Кайырма:
Асыл энем, таалайым энем
Жыргалым сен, бакытым сен,
Сүйүктүү менин энем

Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай,
Уйкудан чолпон көзүң ачкан энем,
Алдыңа ажал келип турса дагы,
Мен үчүн жанды курман кылат элең,
Кайырма:
Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө,
Асманда ай нурундай асыл энем.
Көзүмдүн карегиндей көп аягам,
Алтындай эмгегиңди неге теңейм - деп шаттана ырдоочу экен.

Азыркы кездеги опера жана балет театрынын артисттеринин аксакалы, СССРдин эл артисти Болот менен чейрек кылымдан ашык артисттик турмуштун казанында бирге кайнашкан Артык Мырзабаев:
- Болот жөнүндө сөз болгондо менин эле эмес, бирге иштешкендерин кары-жашына карабай жүрөктөрүн сыздатып, көчөдө жүргөндөгү, сабак бергендеги, сахнадагы ойногон ролдорун, адамдык кыял-жоруктарын эрксизден элестетесиң. Анан андай залкар талант бир нече кылымда бир келет, бир кетет тура деп өкүнөсүң. Болот Ташкент консерваториясын бүтүп келери менен "Өз үйү, өлөң төшөгү аталган" театрдын сахнасында күркүрөп бүтүндөй өнөрүн көрсөтө баштады. Дүйнөлүк классикалык опералардын башкы партияларын биринен сала бирин аткарып, көрүүчүлөрдү таңдантты. Мен жарым кылымдан ашык театрда иштедим. Улуу композиторлор Шарль Гунонун "Фаустундагы" Мефистофелдин, Модеста Мусоргскийдин "Борис Годуновдогу" Бористин, М.Глинканын "Иван Сусаниндеги" Сусаниндин, А.Бородиндин "Князь Игорундагы" Игордун, Джузеппе Вердинин "Дон Карлосундагы" Филиптин партияларын Болоттой келтире да, келиштире да ырдаган бир дагы ырчыны көргөн жокмун. Болоттун күркүрөгөн үнү кандай гана партитура болбосун жата калуучу. Жөнөкөй көрүүчүлөр эмес, кесиптештери биз да таң калуучубуз. Болот ырдайт деген күнү атайын биз да келип, анын ырчылык шыгына суктанып, асылдана ырахат алуучубуз. Болот дүйнөлүк баардык сахнада ырдады. Болоттой ырчылар жүз жылда бир келип, бир кете турган улуу инсан. Ал эми Болот болсо 25 жылдай ырдап туруп учуп кете берди. Айла жок ичибизден сыздап гана тим болдук. Болоттой акылдуу, эстүү күркүрөгөн сонун үнү менен көрүүчүлөрдүн жүрөгүн эритип, кайсы жерде отурса да дагы, кайсыл жерде сүйлөсө да дагы Болоттой ырчы, Болоттой салмактуу адам табылбайт. Болот Санктпетербургга кеткенде кыргыздар эмне үчүн театрды таштап кетип калды деп сөз да чыгарышты. Болот туура кылды. Себеби биз каражаттын жоктугунан чоң операларды коё албай көрүүчүлөр келбей калган. Болот болсо "кой, менин үнүм барында, күчүм жетип турганда Россиянын бир чоң театрына барып иштейин деп, Мариин театрынын башкы көркөм жетекчиси, дирижеру В.Гергиевдин чакыруусу менен ошол театрда иштеп, кыргыз элин дүйнөгө таанытты. Болот Америкада, Францияда, Италияда, Испанияда ырдап атыптыр деп, радиону аңдып угуп калган күндөрүбүз да болду. Кимди унутсак да Болотту унутпашыбыз керек. Биздин театрга бир жолу учуп келип кеткен эң билимдүү ырчы эле, - десе, Артык ага менен бала кесинен бирге өсүп бир сындырым нанды бирге бөлүшүп жешкен, бир театрда чейрек кылым бирге иштешкен эл артисти Эркин Касымов:

- Бизде азыркы күндө жылдыздар көбөйүп кетти. Болот болсо кыргыздардын чыныгы жылдызы. Мына, Болоттун ысымына кичинекей Линейный көчөсүнө ысымын берди. Менин оюмча уят. Кыргыз болсок, эгемендүү мамлекет болсок өзүбүздүн уулубуздун ысымына кичинекей көчөнүн беришине таң калам. Дагы бир таң калыштуусу эмне үчүн республикадагы музыкалык жогорку окуу жайы консерваторияга кыргыздарды бүткүл дүйнөгө таанылткан жигиттин ысымы берилбей келе жатканы өзүнчө сырдуу табышмак. Эмне үчүн эмдигиче өкмөт, президент указ чыгарбай келе жатканына таң калам - десе, маркум Болот менен бир сахнада бир топ оюндардагы ролдорду бирге аткарышкан Эл артисти Сайра Чоткараева:

- Болот ага менен бир спектаклде ырдаш өзүнчө эле майрам болчу. Агайдын жанында туруш, бирге ырдаш ар бир адам үчүн өзүнчө эле бакыт эле. Агайдай адамдар миң жылда деп айтпайын жүз жылда бир төрөлөт. Эмне үчүн театрда агайдын музейи жок. Кезегинде жетекчилер Бүбүсара Бейшеналиеванын жанына эстелик курабыз дешти эле. алиге чейин ал маселе айтылган боюнча жел сөз болуп калды. Россияда эки-үч жылда бир Ф.Шаляпин атындагы конкурс өтөт. Эмне үчүн Кыргызстанда Миңжылкыев атындагы конкурсту өткөрбөйбүз. Эгерде Эл аралык конкурс өткөрсөк, Россиядан, Орто Азиядан, чет өлкөлөрдөн атактуу ырчылар келет эле. Менин оюмча, кыргыз эли, жетекчилери Болот Миңжылкыевдей улуу ырчыны эч качан унутпашы керек, - дейт Сайра айым.

Маркум Болот тирүү кезинде Ысыккөлдү дүйнөдөгү эч бир жерге, көлгө алмаштырбайм" деп, ар жыл сайын эс алуусун көгүлтүр көлдүн жээгинде өткөрүүчү. Ошондой эле көңүлүнө жаккан көл жөнүндөгү ырларды да сыймыктана ырдоочу. Берүүбүздүн соңунда кезекти Миңжылкыевдин аткаруусундагы Камчыбек Букалаевдин "Кереметтүү көл кечи" аттуу ырынын бир шиңгилине берейин.

Дайра агат, ал соолбойт агат кайра. Маркум Болоттун аткарган чыгармалары өчпөй, ысымы унутулбаса экен ар дайым.

Тектеш

XS
SM
MD
LG