Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:07

Жалалабаддыктар Абсамат Масалиевди эскеришти


БИШКЕК. Бүгүн Жалалабад облусунун Сузак, Базаркоргон, Ноокен райондорунан жана Жалалабад шаарынан чогулган 100 чамалаш коммунист Кыргызстан коммунисттер партиясынын баш катчысы, Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, маркум Абсамат Масалиевди эскеришти. Эскерүү учурунда Кыргыз президенти Аскар Акаевге маркумдун сиңирген эмгегин эске алып, «Кыргыз Эл баатыры» деген наамын ыйгарууну, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевге Масалиевдин туулган жериндеги айыл өкмөтүнө, бир мектепке жана Бишкек шаарынын бир көчөсүнө Абсамат Масалиевдин ысымын ыйгарууну сунушташты. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстан компартиясынын Жалалабад облустук Борбордук Комитетинин катчысы Сейиткасым Момунжанов билдирди.

XS
SM
MD
LG