Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Араван районунда күйдүргү илдетинин таркоо коркунучу пайда болду


ОШ. 20-августта Араван райондук ооруканасынан алынган маалыматка караганда, Өзбекстан менен чектешкен Төөмоюн, Алианаров, Араван айыл өкмөттөрүнүн он сегиз тургуну күйдүргү жуктуруп алган деген күмөн саноо менен ооруканага жаткырылган. Алардын алтоонон аталган оорунун белгилери аныкталды. Ош облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиевдин айтымында, оору адамдарга коңшулаш Өзбекстандын Пахтачы айылынан алып келип, союлган малдын этинен жуккан. Араван райондук прокуратурасы бул боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп, оорулуу малды сойдуруп, саттырган үч адамдын үстүнөн кылмыш иши козголгондугун билдирди. Бүгүнкү күндө райондун аймагында карантин жарыяланып, Өзбекстан менен чектешкен аймактарга коюлган карантиндик төрт пост, эт жана сүт азыктарын ташууга, мал айдап өтүүгө катуу көзөмөл жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG