Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Таласта билим берүү борбору ишке кирди


ТАЛАС. Билим берүү борборунун иши эки багытта жүрүүдө. Жарандык багыттагы курстарда үй бүлөлүк психология, жашоонун сергек мүнөзү жана СПИДдин алдын алуу, билим берүүдөгү социалдык өнөктөштүк, жергиликтүү коомдордун өнүгүүсүнө жардам берүү багытында окуп үйрөнүшөт. Ал эми кесиптик курста англис тили окутулат. Жакынкы мезгилде чечендик чеберчилик, кийим тигүү, чач тарач адистиктери боюнча кабыл алуу болот. Борбордун ишине элдик университеттердин немец ассоциациясынын эл аралык кызматташтыгы боюнча институт көмөк берүүдө. Окууларды Талас университетинин окутуучулары жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG