Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

ЕВРОПАДАГЫ ЖАРАТЫЛЫШ КЫРСЫКТАРЫ КӨП ЧЫГЫМДАРГА ТУРУУДА


Төрөкул Дооров, Прага Ушул жылы жай мезгилинин башында Европанын бир катар токойлорунда болгон өрт канчалаган гектарларга созулуп жаткан жашыл аймакты кара түскө боеп салды. Анын артынан жааган нөшөрлүү жамгыр, көчкүн жана катуу шамалдар менен чагылгандын чабуулу Европанын көпчүлүк бөлүгүндө жаратылыш коркунучун жаратты. Ошол эле учурда, айлана чөйрөнү коргоо агенттиги тракаткан маалыматка караганда, бул - баардык балээнин башталышы гана. Кабарда айтылгандай, жер шарында баштаган глобалдык жылуулук алдыда суу ташкындары менен кургакчылыкты, мындан да оор жоготууларга туруучу дагы да коркунучтуу жаратылыш кырсыктарына алып келиши ыктымал. Буга бөгөт коюнун негизги жолу, агенттик билдиргендей, уулуу газдын көлөмүн тез арада кыскартуу.

Европанын айрым бөлүктөрүндө ушул аптада байкалган аба-ырайындагы кескин өзгөрүүлөр, жаңы экологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындан да коркунучтуу абалга алып келиши күтүлөт.

Францияда болгон катуу шамалдан жана күчтүү толкундардан 9 адам каза болсо, Британиядагы суу ташкыны бир кыштакты толук шыпырып, көптөгөн жеңил унааларды деңизге карай агызып кетти. Ал эми чагылгандын чабуулунан Данияда бир короо уй өлдү.

Шаршемби күнү Копенгагенде айлана чөйрөнү коргоо боюнча европалык агенттиги 107 беттен турган эскертүү кабарын чыгарган. Анда агенттик абадагы булганыч газдын кесепетинен алдыдагы “ондогон же жүздөгөн жылдар бою” жаратылышта оор кырсыктар күтүлөөрүн эскертет.

- Айлана чөйрөнү коргоо боюнча европалык агенттиктин жетекчиси Жаклин Макглейддин айтымында, изилдөө айыл чарбасында, муз менен карда, аба-ырайында жана деңиз айланасында байкалып жаткан өзгөрүүлөрдү салыштыруу аркылуу өттү. Натыйжада булардын баары адаттагы өзгөрүүлөр эмес экендиги аныкталган. Ар бир элементтеги өзгөрүү бири-бири менен байланышта системалык толук өзгөрүүгө алып келет жана бул кыймылдар улам күчтөнүп баратат, – дейт Жаклин Макглейд айым.

Анын айтымында, аталган өзгөрүүлөрдүн артынан келүүчү жаратылыш кырсыктары эң ириде Европаны, андан ары бүтүн дүйнөнү курчоосуна алат.

- Эмне үчүн Европа жаратылыш кырсыктарынан оңой эле жапа тартат? Илгери кээ бир аймактарда кырсык болсо, калгандардын турмушуна эч кандай деле тиешеси жоктой сезилчү. Ал эми азыр Европада шаардык түзүлүш жана ар тараптуу инфраструктура тездик менен өнүгүп жатат. Мунун өзү жалпы аймактын турмуш тиричилигин бири-биринен көз-каранды кылып койду. Ошондуктан бир эле жерде болгон кырсык калгандардын да турмушуна сөзсүз таасирин берет жана өтө көп чыгымдарга алып келет, - деди Жаклин Макглейд – Европадагы айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин төрайымы.

Мына ушунун баарын болтурбоо, же алдын алуу үчүн эч кандай деле аракеттер көрүлбөй жатат деп зээни кейигенин жашырбайт ал.

Дегинкиси, абага көтөрүлүп жаткан уулуу газдын көлөмүн 8 пайызга чейин кемитүү – 1997-жылы кабыл алынган Киото протоколунун негизги максаты. Бирок, АКШ баш болгон өнөр-жайы өнүккөн өлкөлөр: Орусия, Австралия жана дагы бир катар мамлекеттер бул келишимди ратификациялай элек. Буларсыз протокол ишке толук кирише албайт.

Брюсселде жайгашкан Европанын ишкерлер федерациясы, чын-чынына келгенде, Киото протоколу бүгүнкү абалында эч кандай пайда алып келбейт деп билдирет.

“Киото протоколун ишке киргизүү үчүн жалаң гана Европанын бир жактуу аракеттери эмес, дүйнөнүн башка бөлүктөрүнүн да каалоосу болушу керек” – дейт федерациянын өкүлү Мириам Манич.

- Киото протоколунун негизинде Европа көрүп жаткан бир жактуу аракеттер 2012-жылга карата дүйнөдө бөлүнүп жаткан уулуу газдын көлөмүн 1 пайызга гана кемите алат, - деп Манич айым, бул иште биргелешкен аракеттер талап кылынаарын баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG