Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

ЮНЕСКОнун улуттук иштер боюнча комиссиясы Ысыккөл облусунда болушту


КАРАКОЛ. 22-августта ЮНЕСКОнун улуттук иштер боюнча комиссиясынын өкүлдөрүн, облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Рыскүл Орозакунова кабыл алды. Ишкер маанайдагы сүйлөшүү учурунда облустун аймагында археологиялык тарыхый жайларды ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк тарыхый жайлардын тизмесине киргизүү демилгеси көтөрүлүп жаткандыгы белгилүү болду. Орзакунова мындай улуу максатты ишке ашырууга тиешелүү жетекчилер тарабынан жардам берилерин билдирип, көлдүн күңгөй тарабындагы Тамгаташ, Дархан айылына жакын жерден табылган археологиялык табылгалар жана башка тарыхый жайлар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында облустун аймагында 464 тарыхый жайлар, анын ичинде 150 тарыхый эстеликтер бар.

XS
SM
MD
LG