Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:00

Нарында райондук жана шаардык шайлоо комиссияларынын курамы аныкталды


НАРЫН. Бул тууралуу облустун шайлоо комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиев 23-август күнү маалымат берди. Төраганын айтымында, депутаттардын райондук жана Нарын шаардык кеңештеринин сессияларында, райондук жана шаардык шайлоо комиссияларынын жаңы курамы аныкталды. Облустагы 257 көп мандаттуу округдан 810 айылдык, шаарчалык жана шаардык кеңештерге депутаттар шайланат. Ал эми райондук, шаардык шайлоо комиссиясынын тутумуна кирген 42 адамдын он бири саясий партиялардын, үчөө коомдук бирикмелердин өкүлдөрү болуп саналат.

Партиялардын ичинен беш мандатка "Алга, Кыргызстан" жана үч орунга "Менин өлкөм" ээ болушкан. Бирок Кочкор райондук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө бейөкмөт уюмдардан, коомдук бирикмелерден өкүлдөрдүн кирбей калышы тууралуу билдирүүлөрү облустук шайлоокомдо каралып, жыйынтыгында мыйзам бузуу болгон эмес деген тыянак болгон. Ал эми ушул эле күнү "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын облустук өкүлчүлүгү "Ар бир үйдүн короосуна чейин жетебиз" аттуу шайлоо кампаниясын жүзөгө ашыра баштады.

XS
SM
MD
LG