Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

БАКУнун тышкы иштер министрлери Астанага чогулат


БИШКЕК. Ушул айдын 28инде Казакстандын Астана шаарында Борбор Азиядагы кызматташтык уюмуна (БАКУ) кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болот. Мындай маалымат бүгүн тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан алынды. Жыйында уюмдун ушул жылдын май айында кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жана региондогу коопсуздук, эл аралык саясат боюнча пикир алышуу болот. Андан тышкары региондогу кызматташууга Ооганстанды тартуу жана «Борбор Азия-Жапония» аттуу саясий диалогду түзүү маселеси талкууга алынат. Жапония менен диалог түзүү маселеси бул өлкөнүн тышкы иштер министри Йорико Кавагучи айымдын катышуусу менен болот. Йорико Кавагучи айым жыйындан кийин Кыргызстанга расмий визит менен келип, президент Аскар Акаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушат. Анда Кыргызстан менен Жапониянын кызматташтык маселелери талкууланат.

XS
SM
MD
LG