Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

"Улуттук ордо" жыйын курду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте “Эл тагдыры - өлкө тагдыры - улут тагдыры” деген аталыштагы элдик кеңешме болду. Аны “Улут ордо” коомдук уюмдар тилектештиги уюштурду. Жыйында эне тил маселеси, улуттук өнөр, маданият, тарых, каада-салттын тагдыры жана келечеги, өлкөдөгү чарба жүргүзүү, каражат табуу иштери, дүйнөлүк соода-сатыкка аралашуу маселелери талкууланды. Азыркы мамлекеттик бийликтин чет мамлекеттерден эсеби жок карыз алуусу сынга алынып, калктын жакырлануусу күн санап өсүп баратканы айтылды. Ошондой эле “Улуттук дөөлөт” деген аталыштагы министрлик түзүү маселеси көтөрүлдү. Элдик кеңешмеге 40тан ашык коомдук уюмдардын 300дөн ашуун өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG