АКШнын аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык Испаниядан 50 авиатор жана жардамчы кызматындагылар кечээ келишти. Бул Испаниянын аба күчтөрүнүн экинчи куралдуу тобу. Биринчиси Бишкектин жанындагы базада 2002-жылдын февралынан 2003-жылдын июнуна чейин турган. Ганси базасы АКШ баштаган коалициянын Ооганстандагы антитеррордук операцияларына кол кабыш көрсөтөт.