Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Карзайдын атаандаштары шайлоону бойкоттошу мүмкүн


Ооганстандын президенти Хамид Карзайдын шайлоодогу оппоненттери - бардыгы болуп 12 талапкер бүгүн сүйлөшүү жүргүзүп, Карзай кызматтан кетпесе, шайлоого катышпай тургандыгын эскертишти. Талапкерлердин бири Абдул Латиф Пидрам Кабулдагы пресс-конференцияда мындай деди:

- Дагы бир маселени биз карадык. Карзайдын жана өкмөттүн отставкасы бүгүнкү сүйлөшүүнүн эң башкы маселеси болду. Эгер Шайлоо комиссиясы башкасы менен алмаштырылып, Карзай иштен кетпесе биз бойкоттоо планын карап көрөбүз.

Талапкердин айтымында, шайланма өкмөт ишке киргенге чейин өлкөнү убактылуу кеңеш башкарышы керек. Талапкерлер Карзайдын иште кала бериши ага шайлоо алдында артыкчылык берет деп жатышат.

XS
SM
MD
LG