Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

Аманатчылар нааразылык акциясына чыгышты


БИШКЕК. «Рентонгрупп» компаниясына, «Камкор» камсыздоо компаниясына жана «Инсан» банкына алданган 1000ден ашык аманатчылар бүгүн өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар бийлик өкүлдөрүнөн каражаттарын кайтарып берүүнү талап кылышты. Аманатчылардын алдыңкы тобу бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, президенттин наамына кайрылуу тапшырышты. Укук коргоочу «Кылым шамы» уюмунун маалымдоосуна караганда, акцияга чыккандардын төртөөнү милиция кызматкерлери кармап кетишти. Алардын бири Наташа Туманованын билдирүүсүнө караганда, аларга коомдук тартипти буздуңар деген күнөө коюлууда.

Мындан туура бир жыл мурун «Рентонгрупп» компаниясы кудуретсиз экендиги айкындалып, миңдеген аманатчылар 350 миллион сомунан ажыраган. Ошол кезден бери амантчылар өз акчаларын кайтарып алуу үчүн нааразылык акцияларына чыгып келатышат.

XS
SM
MD
LG