Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

КЫРЫМДАГЫ АБАЛДЫ МАСКӨӨ ТАТААЛДАШТЫРУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Кырым татарларынын межлисинин төрагасы Мустафа Жемилевдин айтымында, татарлардын кыйын абалынан пайдаланып, Маскөө Кырымдагы абалды татаалдаштырууда. Украина бийлиги дагы кырым татарларына жетиштүү жардам көрсөтпөйт, ошондуктан алар азыр - өлкөдө октябрда өтө турган президенттик шайлоого үмүт артып, жаңы бийликтин аларга карата саясаты бошка болот деп ишенет.

15-кылымда Алтын ордодон Кырым бөлүнүп, өз алдынча хандык болгондон кийин, Кырым жарым аралында жашаган түрктөр кырым татарлары деп атала баштаган. Кийин Кырым хандыгы осмон түрктөрүнүн бийлигине көз каранды болгон, бирок 18-кылымдагы орус-түрк согушунан кийин жарым арал Орус империясынын курамына кошулган.

1944-жылы болсо Иосиф Сталин аларды немис нацисттерине жардамдашкан деп күнөөлөп, бүткүл элди көчүрүп жиберген. 200 миң татар Кырымдан негизинен Өзбекстанга айдалган, жолдо 30 миңге жакын адам өлгөн жана 1967-жылы совет бийлиги аларга коюлган күнөө жалган экенин мойнуна алгандан кийин дагы татарлар өз мекенине эркин кайтып келүүгө укук алган эмес. СССРде кайра куруу башталгандан кийин гана, 1980-жылдардын аягынан тартып татарлар Кырымга көчө баштаган жана андан бери мекенине 250 миңге жакын адам кайтып келди.

1954-жылы Никита Хрущев Кырымды Украинага берип салган, ошондуктан 1991-жылы Украина эгемендүү жумурият болгондуктан, жарым аралга кайтып келе баштаган татарлар башка өлкөгө келүүдө. Украинанын жаңы бийлиги аларга бардык мүмкүн болгон жардам көрсөтүүгө убада берген, бирок татарлар үчүн эмгиче Украина жарандыгын алуу чоң маселе. Украина парламентинин мүчөсү, Кырым татарлар межлисинин төрагасы Мустафа Жемилевдин айтымында, маселенин татаалдашуусуна Маскөө дагы салым кошуп, Кырымда жашаган орустар менен татарлар ортосундагы карама-каршылыктарды жасалма түрдө күчөтүүдө:

- Мен айтайын дегеним, Маскөөдө мамлекеттик деңгээлдеги абдан таасирлүү күчтөр Кырымдагы абалды бейстабилдештирүүгө аракеттенүүдө. Орус улутчулдарынын пикири боюнча болсо эгер Кырымдагы татарлар күч алса, аларга каршы орустар мурда эмне кылса, алар дагы эми орустарга каршы ошону жасашы мүмкүн. Алардын менталитети ушундай.

Советтик мезгилде Жемилев кырым татарлардын укугу үчүн күрөшүп, эки жолу соттолуп, баш-аягы 15 жыл абакта отуруп чыккан. Кырым татарлары аны азыр улуттук баатыр жана эч күмөнсүз элдик лидер деп эсептейт. Жемилевдин айтымында, татарлар арасында да улутчулдар бар, бирок межлис кээде митинг-демонстрация өткөрүүгө уруксат берет, Украина бийлигине болсо ал жакпайт:

-Керек болгон учурларда биз пикет же демонстрация уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алабыз, бийлик болсо бизди эктремисттер жана радикалдар деп атайт. Бирок биз андай кылбасак, татарлар арасындагы улутчулдук чектен чыгып кетиши мүмкүн, ар ким өз билгенин кыла баштайт жана ал кан төгүүгө алып келиши ыктымал. Бийлик аны түшүнбөйт.

Татарлар арасындагы улутчулдук дагы бир топ күчтүү, анткени алардын өз тилинде билим алуу мүмкүнчүлүгү да чектелүү:

- Депортацияга чейин кырым татар тили орус тили менен катар жарым аралда расми тил болгонун айтса эле жетиштүү. Азыр андай эмес. Балдарыбыздын көпчүлүгү өз тилинде билим ала албайт. Толук орусташтыруу жараяны дагы эле уланууда. Балдар өз тилинде кээде жөнөкөй эле сөздөрдү билбейт.

Татарлар азыр жарым аралдын калкынын 10 гана пайызын түзөт жана кырым татар тилинде окуткан 13 гана мектеп бар.

XS
SM
MD
LG