Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

БОРБОР АЗИЯ МИНИСТРЛЕРИ АСТАНАГА ЧОГУЛДУ


28-августа Астана шаарында Борбор Азия кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болду. Анда регионалдык кызматташуу, коопсуздук маселелери талкууланды. Министрлерди казак президенти Нурсултан Назарбаевдин кабыл алгандыгы кабарланууда.

Регион мамлекеттеринин кызматташуусун өнүктүрүү максатында түзүлгөн Борбор Азия кызматташуу уюму Казакстан менен Өзбекстандын бирдиктүү экономикалык аймак түзүү тууралуу келишими менен түптөлө баштаган. Ага 1994-жылы Кыргызстан, андан кийин 1998-жылы Тажикстан кошулган. Алгач уюм Борбор Азия экономикалык биримдиги деп аталган эле. 2001-жылы Ташкенттеги саммитте Экономикалык биримдик Кызматташуу уюму болуп кайра түзүлгөн.

28-августа Астанадагы жолугушууда уюмга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери ушул жылдын 28-майында президенттер саммитинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышын талкуулашты. “Азаттыктын” казак кызматынын Астанадагы кабарчысы Искендер Абыткан уулу 28-августа каралган маселелер тууралуу буларды билдирди:

- Эл аралык суу-энергетикалык консорциумун куруу,уюмга кирген өлкөлөр арасында телерадио кабарларын таратуу жана Ооганстанды региондогу интеграция жараянына тартуу маселесин талкуулап, күчөп бараткан терроризмди айыпташты.

Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, Борбор Азия кызматташуу уюмунда кабыл алынган чечимдер КМШ жыйындарында кабыл алынган чечимдер сыяктуу эле аткарылбай, көбүн эсе кагаз бетинде калууда. Мүмкүн буга, өзбек президенти 28-майдагы саммитте белгилегендей, Борбор Азия мамлекеттеринин өз стратегиясын ушул кезге чейин аныктай электиги себеп болуп жаткандыр. Андан сырткары Ташкенттеги террордук чабуулдар Өзбекстандын ички кырдаалын эле чыңалтпастан, коңшу мамлекеттер менен да мамилесине да оң таасир эткен жери жок. Буга расмий Ташкенттин террордук чабуулдарга байланыштуу коңшу мамлекеттерди негизсиз сындоосу себеп болуп жаткандай. Андан сырткары Өзбекстандын террорчуларга шылтоолоп чек араларды жаап, соода байланыштарды үзгүлтүккө учуратуусу, транспорттун өтүүсүнө тоскоолдук коюусу-региондогу кызматташууну өксүтүп келатат.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин айтымында, регионалдык кызматташууда тараптар өнөктөшүнүн кызыкчылыгын эске алышы абзел:

- Казакстан, Өзбекстан менен иштегенде, өзгөчө экономикалык келишимдерге келгенде-түпкү принцип тармактар аралык кызыкчылыкты сактоо болуш керек. Маселен, биз суу жагынан аларга көмөк көрсөтсөк, алар биздин транспортко жол ачып бериш керек. Ансыз биз эл аралык жана эки тараптуу маселелерди чече албайбыз.

Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын суу-энергетикалык тармакта кызматташуусу акыркы кезде кыйынчылыкка учурап келатат. Дал ушунун айынан Кыргызстан электр энергиясын Россияга экспорттоого аргасыз болууда. Андан сырткары коңшу мамлекеттер Камбарата ГЭСтерин курууга катышууга анча деле дилгирленген жери жок. Ошондуктан бул жерде да Кыргызстандын негизги өнөктөшү катары Москва чыгууда. Мындай тенденция уланып отурса, келечекте регион мамлектетери суу-энергетикалык маселелерди Москва аркылуу чечип калышы толук ыктымал.

Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилери мына ушундай негизги маселелерди атап коюудан башка кадам жасай элек. Ошонун айынан, Кыргызстан акыркы жылдары газсыз калуу коркунучунда турса, коңшу мамлекеттер жайында суунун аздыгынан, кыш мезгилинде көптүгүнөн жабыркоодо. Тышкы иштер министрлеринин Астанадагы жыйынында бул маселелерди чечүүгө канчалык кадам жасалды-аны эми мезгил көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG