Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Орус улутундагылар Владимир Путинге кайрылуу жолдошту


ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад облусунун Каракөл шаарындагы орус улутундагы жарандар Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жиберишти. Алар мындай кайрылууну Владимир Путинден сырткары Орусиянын Оштогу консулуна жана Жалалабаддагы славян диаспорасына да жолдошкон.

«Мурда «Шамалдысай», «Ташкөмүр», «Токтогул» ГЭСтерин курууга катышканбыз» деген арыз ээлеринин билдиришинче, алар социалдык жактан коргоосуз, үлүшү жок жана жашоого жетишсиз пенсия менен калышкан. «Жардамга муктаж орустар Каракөл шаарында алтымыш үйбүлөөдөн ашык» деп маалымдалган. Орусиянын президентинен алар шаарга чиркөө куруп берүүнү, болбосо Орусияга көчүрүп алууну жана ал жакка жетүүчү жол каражаты менен камсыз кылууну өтүнүшкөн.

XS
SM
MD
LG