Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:51

«А.Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» кыймылынын Жалалабад областтык комитети билдирүү таратты


ЖАЛАЛАБАД. Облустук комитет Оштогу "Элим менен, элим үчүн" аттуу жаңы фонддун баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу Аскар Акаевдин кызматын дагы бир мөөнөткө узартуу демилгесин колдобойт. Мындай иш-аракет 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышууга Конституция жол бербестигин ырастаган президентти адаштыруу, өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнө шек келтирүү менен барабар. Ушундан улам кайрылууда демилгени четке кагуу сунушу саясий партиялар жана коомдук уюмдарга жолдонду. Комитеттин төрагасы Медер Үсөновдун маалыматы боюнча, А.Акаевди кызматтан кетирүү кыймылынын мүчөлөрү аталган демилгенин туура эмес экендигин элге түшүндүрүп, Аскар Акаев кызматтан кеткиче бул иш-аракетин токтотпойт.

XS
SM
MD
LG