Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Жапониянын тышкы иштер министри Бишкекте


БИШКЕК. Бүгүн Жапониянын тышкы иштер министри Йорико Кавагучининин Кыргызстандагы иш сапары башталды. Ал ушул эле күнү президент Аскар Акаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Андан кийин Жапония өкмөтүнүн «Чөптүн тамыры» аттуу Кыргызстандагы долбоорунун алкагында беш грант берүү жөнүндөгү документке кол коюлду. Андан тышкары ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда техникалык кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюу ниети жазылган меморандумга да кол коюлду. Йорико Кавагучи 31-августта Кыргызстандын эгемендик күнүнө арналган салтанатка катышып, андан ары Монголияга сапар алат.

Жапония Кыргызстан менен кызматташкан жылдары ар кандай өнүгүү программалары үчүн 226 миллион долларлык кредит жана 6 миллион доллардан ашык грант берген. Мындан тышкары билим берүү, медицина тармагын өнүктүрүү үчүн колдоо көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG