Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:41

Шейшембиде Гаагада эл аралык трибуналдагы сот жараянында Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевич өзүн коргоону баштады. Бул окуя узактан бери күтүлгөн эле. Согуш жана адамзатка каршы жасаган кылмыштары үчүн айыпталып жаткан Милошевич эгер сот күнөөлүү деп тапса, өмүр бою түрмөгө кесилиши мүмкүн. Ал өзүн коргоого арналган алгачкы билдирүүсүндө Югославияны талкалоодогу негизги күч катары эл аралык коомчулукту айыптады.

Мурдагы Югославиянын мурдагы президенти, азыр 63кө келген Слободан Милошевичтин үстүнөн сот 2002-жылдын февралында башталган эле. Андан бери сотто айыптоочу тараптын тыянактары, алар чакырган 290дой күбөнүн көрсөтмөлөрү угулган. Сотто бир нече ирээт, анын ичинде айыпкердин саламаттыгына байланышкан тыныгуулар да болду. Слободан Милошевич өзүн коргоону быйыл апрель айында эле баштамак, бирок дарыгерлер анын кан басымы өтө жогорулап кеткендигин белгилешкенден улам сот жараяны беш ирээт кийинкиге калтырылган.

Мурдагы югослав лидери согуш үчүн жана адамзатка каршы жасаган кылмыштары үчүн айыпталып жатат. Жалпысынан 66 пункут боюнча коюлган кинээлер Милошевичтин мамлекет башчысы ирээтинде 90-жылдардын биринчи жарымында Хорватия менен Боснияда жана 1998-99-жылдары Косоводо орун алган согуштардагы ролуна байланышкан.

Шейшембидеги билдирүүсүндө өзүн "бурмаланган тарыхтын" курмандыгы деп атаган Слободан Милошевич буларды белгиледи:

-Мага тагылган айыптар - адилетсиз, мыйзамды тебелөө, калпты манипулациялоо, моралдын жеңилиши жана тарыхты жоопкерсиздик менен бурмалоо. Трагедиялык окуялардын чыныгы жоопкерлерин коргоо үчүн баардык нерсенин буту башына коюлуп калган.

Милошевич андан аркы сөзүндө мурдагы Югославияны талкалоодогу негизги күч катары эл аралык коомчулукту айыптады:

- Югославияда 1991-жылдан азыркыга чейин эмне болгонун түшүнүү үчүн негизги тарыхый фактыны эске алуу керек. Бул - европалык мамлекетти, соңку эки жүз жылдан бери дүйнөнүн ушул бөлүгүндө демократиялык дүйнөнүн жалгыз өнөктөшү болгон, башаты Сербия мамлекеттүүлүгүнөн чыккан Югославияны талкалоо.

Сот Слободан Милошевичтин өзүн коргоого багытталган алгачкы билдирүүсү үчүн берилген төрт саатка дагы бир күн кошуу жөнүндөгү талабын, сот жараяны улам кийинкиге калтырылганын жүйөө кылып канааттандырган жок. Мурдагы югослав лидери ошондой эле өзү чакыргысы келген 1000ден ашуун күбөнү суракка алуу үчүн сот тарабынан берилип жаткан 150 күн жетишсиз экенин кошумчалады. Ал чакыртууну каалаган күбөлөрдүн арасында АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон, британ премьери Тони Блэр да бар.

Кесиби боюнча юрист Слободан Милошевич адвокаттын кызматынан мурда эле баш тарткан. Миңдеген бет документтерди иликтөөдө мекендеш юристтердин жардамынан пайдаланып жатканы менен өзү-өзү коргоодо жана муну уланткысы келет.

Ал эми тергөөчүлөр болсо сотту Милошевичке адвокат дайындоого чакырган. Гаага трибуналынын басма сөз катчысы Жим Ландалдын шейшембиде кабарчыларга билдиргенине караганда, сот эми айыпталуучунун укуктары менен сот адилеттүүлүгүнүн кызыкчылыктарын тең салмакташы керек:

-Соттор жараянды келечекте жүргүзүүдөгү кийинки кадам үчүн эмне ылайыктуу болоорун чечиши керек. Милошевич мырзага кандайдыр бир формада адвокат дайындоо ылайыктуу же анын өзүн-өзү коргоону көздөгөнү мындан өйдө деген чечим болот. Демек, соттор айыпталып жаткан адамдын укуктары менен сот адилеттүүлүгүнүн кызыкчылыгын тең салмактап көрөт.

Гаага трибуналы Милошевичтин соттун келерки жылдын октябрына карата жыйынтыктоого ниеттүү. Коргонуп жаткан тараптын алгачкы күбөсү сотко эми 7-сентябрда келе турган болду. Бирок сот анын ысымын ачыктаган жок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG