Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

ЭГЕМЕНДИК АТУУЛДУК ЭРКИНДИКТИ БЕРДИБИ?


Кыргызстан Борбор Азияда өз эгемендигин жарыялаган алгачкы мамлекет болгон. 1991-жылы 1-сентябрда ага удаа Өзбекстан да өзүн көз каранды эмес деп жарыялаган. Тажикстан бул агымга 9-сентябрда кошулган. Ошол жылдын соңуна чейин Казакстан менен Түркмөнстан да эгемендигин жарыялашкан. Деги, он үч жылдык эгемендик доору Борбордук Азиядагы өлкөлөргө эмне берди? Эмнеге алигиче жетишиле элек?

Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык иликтөөлөр чордонунун Ислам таануу программасынын жетекчиси Ширин Хантер айым он үч жылдык пост-советтик доор аймак үчүн жарытылуу экономикалык жана саясий алга жылууну жарата албады, эми бул мезгилдин ачуу сабактарын эске алып, Борбордук Азия өлкөлөрү тийешелүү реформаларды жандуу жүргүзүүсү абзел деген оюн айтат.

Мурдагы Советтер Биримдигинин чарбалык системасына көнгөн бул өлкөлөр дүйнөлүк экономиканын нугуна кадыресе шерик катары түшүү үчүн дагы да далай мээнет терин төгүүгө тийиш. Анын үстүнө, совет доорунда туш келди түзүлгөн жумурияттык чек аралар да аймактык кызматташууну тереңдетүүгө кедергисин тийгизүүдө, - дейт Хантер айым:

- Соңку анча-мынча жылдардын аралыгында Борбор Азиядагы өлкөлөр өз ара кызматташуулары керектигин, аймакка коңшу болгон башка өлкөлөр менен да алакаларын чыңдоосу зарылдыгын алда канча дурус аңдап калышты. Бул өлкөлөрдүн биринде суу бар болсо, экинчисинде отун бар. Мындай шартта ар кимиси үчүн пайдалуу болгон жолду кантип табуу керек?

Ал эми Нью-Йорктогу Колумбия университетинин профессору, Борбордук Азия боюнча адис Питер Синотт мырза болсо аймактагы өлкөлөр уламдан-улам кубаттуу коңшулары - Орусия менен Кытайдын чийкизат өндүрүлчү коштондусуна айланып баратат деп сабырсызданат.

Анын оюнча, экономикалык жактан чыныгы көз каранды эместикке жетише элек Борбор Азия мамлекеттери сырткаркы дүйнө үчүн саясий эгемендикке ээ өлкө саналган менен, ички коомдук турмушта атуулдарына чектелген эркиндиктерди гана берүүдө.

Синотт мырза башка адистердин аймактагы жетекчилер туруктуулукту камсыз кылуу урааны астында өз авторитардык режимдерин түптөөдө, деген оюна үндөш пикирин айтат:

- Бул аймакта мамлекеттик бийлик менен анын эли өз ара баарлашып жатканын сезүү мүмкүн эмес. Маселен, Өзбекстандагы полиция кызматкерлери өздөрү туулуп-өскөн аймактан алыскы дубанда гана кызмат өтөшөт. Өзбек аскерлери иш-аракетке өткөндө таанылгыс болуу үчүн бет кеп тагынып алышат. Бул символдук жагдайлар мындай өлкө калкы өзү менен өзү согуш жүргүзүп жаткан кырдаалды элестетет.

Албетте, Борбордук Азияда кыйла либералыраак мүнөзү менен айырмаланган өлкөлөр да бар. Алардын бири – Кыргызстан экенин быйылкы эгемендик майрамы маалында Бишкекте болгон жапон тышкы иштер министри Йорико Кавагучи айым дүйшөмбүдө белгиледи. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргыз президентинин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев маалымдады.

Ал эми жергиликтүү укук коргоочулардын айтымында, 1991-жылы 31-августта Кыргызстан көз каранды эмес мамлекет катары жарыяланышы үчүн бараандуу салымын кошкон саясатчылардын бири – мурдагы ички иштер министри, вице-президент, Бишкек шаар акими Феликс Кулов ушул тапта саясий себептер менен абакта отурат. Эгемендик үчүн күрөшкөн саясатчылардын бири Топчубек Тургуналиев да өз атажуртунда эле саясий себептер менен абакта жатып чыкты, - дешет укук коргоочулар.

Батыштагы жана жергиликтүү саясий серепчилердин пикиринче, аймактагы башка өлкөлөрдөй эле Кыргызстан да 13 жыл илгери мамлекеттик эгемендикке жеткенине карабастан, өзүнүн атуулдарынын эркиндигин камсыз кылуучу демократиялык жараянды тереңдетүү жаатында дагы эле ара жолдо жүрөт.
XS
SM
MD
LG