Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Жогорку Кеңешке добуш берүүнүн жаңы системасы кирди


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын отурум залына добуш берүүнүн жаңы системасы орнотулду. Жаңы системага ылайык ар бир депутат добуш берүүнү карточка аркылуу ишке ашырат. Бул ыкма тигил же бул маселени чечүүдө бир депутаттын (кызыкчылыктарга жараша) экинчи бир депутат үчүн (ал жок болуп калган учурда) добуш беришине жол бербейт.

Добуш берүүнүн жаңы системасына көчүүнү төрага Абдыганы Эркебаев дүйнөлүк стандартка жакындоо катары түшүндүрдү. Бирок жаңы система толук өздөштүрүлө электигине байланыштуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары бүгүнкү отурумда жаңы системанын кызматынан пайдалана алышкан жок.

XS
SM
MD
LG