Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:30

НАТОнун ИРАК САЯСАТЫ ЖАКЫНДА АНЫКТАЛАТ


Нарын АЙЫП, Прага НАТО өкүлдөрүнүн айтымында, келерки апталарда уюмдун жетекчилиги Ирак маселесин чечүүгө НАТО канчалык деңгээлде катышууга тийиш деген маселени талкуулайт. Август айында Иракка келген НАТО адистери азыр атайын доклад даярдап жатат жана уюмдун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер өзү дагы атайын билдирүү жасоого тийиш.

НАТО уюмуна азыр 26 мамлекет кирет жана алардын он алтысынын аскерлери азыр АКШ жетектеген коалициянын курамында Иракта аракеттенүүдө. Анткен менен НАТО аскерлери расми түрдө өлкөгө уюмдун атынан жибериле элек жана маселе көптөн бери талкууланып, чечилбей келет. Июнда Ыстамбул шаарында өткөн НАТОнун бийик жолугушуусунда бул маселе боюнча АКШ жана Франция президенттери Жорж Буш менен Жак Ширак карама-каршы пикир айткан.

Анткен менен, кээ бир кабарлар боюнча, уюмдун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер негизинен америкалык сунуштарга макул болууга даяр.

Июлдан тартып Иракты жаңы өкмөт башкарууга киришкенден кийин, ал НАТОнун жетекчилигине кайрылып, өлкөнүн коопсуздук кызматтарын машыктыруу үчүн адистерди жиберүүнү сураган жана августтун башында Багдадга НАТОнун биринчи экперттер тобу келген. Алардын он-чактысы жакында Брюсселге кайтып барып, маселе жөнүндө отчет жаза баштады, дагы кырк бешке жакын эксперт азырынча Иракта жана өлкөнүн коопсуздук кызматкерлери менен алгачкы сыноо машыгууларын өткөрдү.

Бул өкүлчүлүктүн ишин НАТО жетекчилиги гана пландап, ишке ашырды, Вашингтон ага кийлигишкен жок. АКШнын НАТОдогу өкүлү Николас Бөрнстүн айтымында болсо, алгачкы адистер тобунан кийин Иракка эми НАТОнун андан көбүрөөк сандагы аскерлери келээрин күтсө болот.

Уюмдун негизги европалык мүчөлөрү Алмания менен Франциянын жетекчилигинин пикиринде, машыгууларды Ирактан сырткары жерде гана өткөрүү керек жана президент Жак Ширак ал тууралуу Ыстамбул жолугушуусунда ачык айткан. Анын пикиринде, НАТО аскерлери Иракка киргизилсе, мусулман дүйнөсүндөгү антиабатыштык маанай ого бетер күчөшү мүмкүн. Иракка кошуна Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази дагы НАТОнун Иракта кылар иши жок деп билдирген.

Бирок андан башка дагы пикир келишпестиктер бар. Франциянын айтымында, эгер Иракка НАТО аскер жиберсе, алар НАТОнун өзү тарабынан башкарылууга тийиш, Вашингтон болсо Ирактагы чет өлкөлүк аскерлер америкалык башкаруучулук астында аракетенүүгө тийиш деген пикирде. Акыркы апталарда АКШ өз турумун жумшартып, Иракка мүмкүн келе турган НАТО аскерлерине кош-башчылык жасалышы мүмкүн деп билдирди.

Уюмдун кээ бир жетекчилеринин айтымында, эгер НАТО адистери Иракка барып, америкалык башкаруучулук астында аракеттене баштаса, анда Иракка каршы жүргүзүлгөн согуш мыйзамдуу болгонун Алмания же Франциянын жетекчилиги тааныган сыяктуу болот, бирок чындыгында андай эмес.

Андан тышкары, европалык мамлекеттердин айтымында, эгер аскерлер эмес, Ирактын коопсуздук кызматкерлерин машыктыруу үчүн эксперттер гана келе турган болсо, алардын коопсуздугун америкалык аскерлер камсыз кылууга тийиш. Вашингтон болсо андай коопсуздукту камсыз кыла турган аскерлердин саны НАТО адистеринин санынан да ашып кетиши мүмкүн деп жооп берүүдө.

НАТОнун жогорку жетекчилиги - Түндүк Атлантика Кеңеши сентябрдын ичинде маселени караш керек жана жыйынга эки башка отчет даярдалууда. Анын бирин - бир айдан бери Иракта иштеген НАТО адистерин жетектеген нидерланддык генерал Карел Хилдеринк жана анын жардамчылары, экинчисин - уюмдун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер даярдап жатат. Ал өзү дагы Нидерланддан.

XS
SM
MD
LG