Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:28

САДДАМДЫН МУРДАГЫ ОҢ КОЛУ ад-ДУРИ ТУТУЛДУ


Саддам Хусейндин режими маалында Ирактын вице-президенти жана армиядагы экинчи киши болгон Иззат Ибрагим Дури ишембиде камакка алынганы бүгүн дайын болду. Бул тууралуу Ирактын убактылуу өкмөтүнүн коргоо жана ички иштер министрликтери маалымдашты.

Мурдагы Ирак режиминин маалында вице-президенттикти аркалаган Иззат Ибрагим ад-Дури (Izzat Ibrahim al-Douri) Тикрит шаарына жакын жерде ооруканага дарылануу үчүн кайрылган учурунда ишемби күнү камакка алынды. Ирак коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Салих Сархандын (Saleh Sarhan) кабардашынча, аны камакка алуу иш-чарасына ирактык улуттук гвардиянын жоокерлеринен тышкары, америкалык жоокерлер да катышты. Бул иш-чара оңой-олтоң болгон жок, анткени жоокерлерге ад-Дурини кайтарган 150дөй жоочу менен салгылашууга да туура келди. Ирак ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү, полковник Аднан Абдурахмандын (Adnan Abdelrahman) айтымында, ад-Давр менен Тикрит шаарларынын аралыгындагы бул жайда болгон кагылышууда 70тей киши набыт болду же жаракат алды.

Ад-Дури соңку кездери ак кан оорусунун азабын тартып жүргөн. Ал өзү камакка алынган ооруканага канын тазалатуу үчүн барган экен. Ушул тапта ад-Дури америкалыктардын көзөмөлүндөгү абак жайда кармалып жатканы кабардалууда. Бирок америкалыктардын өздөрү бул тууралуу азырынча атайын билдирүү жарыялай элек. Буга чейин ад-Дури камакка алынды деп бир нече жолу жалган маалымат таркалганы эсте. Ошон үчүн ал тутулган соң, анын каны текшерүү үчүн алынды.

Иззат Ибрагим ад-Дури мурдагы диктатор Саддам Хусейндин бийлигинин тушунда анын оң колу болгон. Ал куралдуу күчтөрдү башкарган Кеңеште да Саддамдын орун басары кызматын ээлеген.

Соңку кездери ад-Дури жаңы өкмөткө каршы уюштурулуп жаткан козголоңчу топторду каржылоону жетектөөдө деп айыпталып келген. Америкалыктар анын жашырынган жерин көрсөтүп бергендер үчүн 10 миллион доллар сыйлык жарыялаган болчу.

Ад-Дуринин ысымы өлкөсүндөгү эң ырайымсыз кыргын окуялары менен байланыштырылып келет. Маселен, 1988-жылы түндүктөгү Халабжа шаарында режимдин жокерлери жергиликтүү күрт козголоңчуларына жана жазыксыз кишилерге каршы уулуу газ колдонушуп, натыйжада миңдеген кишилер набыт болгон. Дал ошол тапта ад-Дури да Ирак режиминин куралдуу күчтөрүнүн башкы жетекчилеринен болчу.

Ал эми 1991-жылы Перс булуңунда согуш оту алоолонуп жаткан чакта Иззат Ибрагим ад-Дури ирактык күрттөргө кайрылып: «Эгерде Халабжадагы алааматты унутуп калган болсоңор, анда биз ошол чараларды кайталап коюшубуз мүмкүн деп силерге эскертем», - деп айткан.

Иззат Ибрагим ад-Дури АКШ аскерлери Иракка басып киргенде издөө жарыяланган эң коркунучтуу адамдардын тизмесинде алтынчы орунду ээлеген. Ад-Дуринин аны жашырып жатат деп шектелген төрт жээни быйыл 14-январда Самарра шаарында камакка алынган. Былтыр 13-декабрда Саддамдын өзү колго түшкөн соң, ад-Дури Иракта издөөгө алынган номер биринчи киши болуп калган.

XS
SM
MD
LG