Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:07

Мурдакы вице-президент Иззат Ибрагим Даури тууралуу так маалымат жок


Саддам Хусейндин мурдакы жакын жардамчысы Изат Ибрагим Дауринин тагдыры жөнүндө азырынча так маалымат жок. Өткөрүлгөн операция учурунда колго түшүрүлдү деген кабар негизсиз экенин Ирактын коргоо министри Хазим билдирди.

Жекшемби күнү Ирактын коргоо жана ички иштер министрлигинин өкүлдөрү - башына АКШ армиясы 10 миллион доллар сыйлык сайган - Изат Ибрагим Даури кармалганын билдиришкен эле.

АКШлык аскерлер башында турган көп улуттуу күчтөрдүн өкүлү Дауринин колго түшүрө электигин билдирди.

Даури АКШлык аскерлер издөө салган Ирактын 55 ырасмий адамынын тизмесинде алтынчы болуп турат.

XS
SM
MD
LG