Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Нарын облусунун делегациясы Кытайга жөнөп кетти


НАРЫН. Курамына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, эмгек ардагери, фермер кирген топ 6-сентябрь күнү коңшулаш Кытайдын Кызылсуу кыргыз автоном облусуна сапар алды. Ал тууралуу Нарын облустук акимчиликтин аппарат жетекчиси Жолдошбек Жакыпов билдирди. Анын айтымында, облустун делегациясы Кызылсуу кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 50 жылдык мааракесине катышат. Нарын эркин экономикалык аймагынын башкы директорунун орун басары Байыш Карасартов региондо жүн, тыбыт, тери иштеткен эки ири ишкана кытайлыктар менен биргелешип иштеп жаткандыгын, болочокто коңшулар темир, туз кендерин биргелешип ачууга кызыкдар экендигин маалымдады.

XS
SM
MD
LG