Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

Элчилер дайындалды


БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы жана Вена шаарындагы эл аралык уюмдардагы Кыргызстандын өкүлү Зейнеп Шаймергенова өлкөнүн Австриядагы элчиси да болуп дайындалды. Ага негиз берген жардыкка президент Аскар Акаев кол койгондугун президенттин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Кыргызстандын Австриядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов болчу.

Президенттин дагы бир жардыгы менен Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Аманбек Карыпкуловго Македония республикасындагы элчилик милдетти аткаруу да жүктөлдү.

XS
SM
MD
LG