Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Аксы окуясында жабыркагандардын талабын сот канааттандырган жок


ЖАЛАЛАБАД. 6-сентябрда Жалалабад облустук соту Аксы окуясында жабыркагандардын арызын карап, бирок алардын талабын канааттандырбаган райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Сотто Аксы окуясында жабырлануучулар райондук соттун июнь айындагы чечимин жокко чыгарууну өтүнүштү. 2002-жылдын 17-мартында 6 адамдын өмүрүн алган каргаша боюнча иш жүрбөй, айыпкерлер жаза албаганы үчүн жогорку бийликти күнөөлөштү. Соттук коллегиядан каза тапкан ар бир жигит үчүн 500 миңден 4,6 млн. сомго чейин материалдык, моралдык чыгымды кыргыз өкмөтүнөн өндүрүү чечимин чыгарууну өтүнүштү. Ишке кыргыз өкмөтүнүн өкүлү катары райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы эмес, Каржы же Эмгек жана социалдык коргоо министри катышуусу зарыл деп белгилешти.

Облустук сот эки жабырлануучунун арызы боюнча райондук сотту колдогон аныктамасын угузганда жабырлануучулар сотко ишеним көрсөтпөй, залдан чыгып кетишти.

XS
SM
MD
LG