Санкт-Петербургдук илимпоз Григорий Перельман “миң жылдыктын эң татаал математикалык жети маселесинин” бирин чыгарды. 36 жаштагы россиялык илимпоздун айтышынча, ал француз окумуштуусу Анри Пуанкаре жүз жыл мурда айтып кеткен үч чендүү мейкиндиктин бүтүндүгү жөнүндөгү гипотезаны математикалык жол менен далилдеген. Григорий Перельмандын илимий ачылышы тастыкталса, ал Массачусетстеги Математикалык институт байгеге сайган 1 миллион долларды сыйлыкка алат.
Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Амирбек Азам уулу даярдады.
Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Амирбек Азам уулу даярдады.