Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Академиктер Ысыккөлдөн жер алат


БИШКЕК. Ысыккөлдүн жээгиндеги пансионаттардын аймагынан Улуттук илимдер академиясынын академиктерине менчикке жер бөлүнүп берилет. Мындай маалыматты бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров билдирип, бул быйылкы акыйкат башкаруу жылынын талабына сыйбай турган көрүнүш деп баалады. Аталган палатанын дагы бир депутаты Бакыт Керимбековдун айтымында, жер сатуу маселеси Ысыккөлдүн жээгиндеги калктын нааразылыгын пайда кылууда жана ал бара-бара курч маселеге айланаары ажеп эмес. Ал эми премьер-министр Николай Танаев Ысыккөлдүн жээгинен жер Кыргызстандын илимине салым кошкон адамдарга берилээрин жана алар мындай урматка акысы бар экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG