Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

«Кумтөрдүн» акчасы мугалимдерге жумшалат деп айтылууда


БИШКЕК. «Кумтөралтын» компаниясынын акциясын «Сентерра голд инк» компаниясына сатуудан түшкөн 85 миллион доллар «Кыргызалтын» акционердик коомунун депозитинде жатат. Мындай маалыматты бүгүн премьер-министр Николай Танаев билдирди. Анын айтуусу боюнча, өкмөт азыр ал акчаны «Кыргызалтындын» эсебинен Улуттук банктын эсебине которуу жолдорун иликтеп жатат. Өкмөт ал акчанын бир бөлүгүн билим берүү жана саламаттык сактоо тармагын колдоого жумшап, мугалимдерге турак-жай куруу, коммуналдык акыларын төлөөгө сарптоо үчүн алдын-ала эсептөөлөрдү жүргүзүп жатат.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев өкмөт башчынын мындай маалыматын четке кагып, өткөн жылы «Кумтөралтын» компаниясынан салык түрүндө 1 миллиард 99 миллион сом киреше алынгандыгын жана аны сатпай иштетсе 200 миллион доллар пайда алса боло тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG