Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

АКЫЙКАТ БАШКАРУУ ЖЫЛЫ ЖАНА КОРРУПЦИЯ


Быйылкы жыл Акыйкат башкаруу жана социалдык мобилизациялоо жылы деп жарыяланган. Кечээ жакында президент Аскар Акаев Акыйкат башкаруу боюнча консультативдик кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул жылы чын эле Акыйкат башкаруу орнотулуп, коррупция ооздукталуудабы?

“Акыйкат башкаруу жана социалдык мобилизациялоо” жылынын жарымында өкмөт үйүндө чоң жыйын болуп, анда бул иш чаранын жыйынтыгы жыл соңунда чыгарылары айтылган. Кечээ жакында президент бул маселе боюнча дагы бир жыйын өткөрдү. Акыйкат башкаруу жана коррупцияны ооздуктоо багытында жасалып жаткан иштер тууралуу президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев буларды билдирди:

- Мен ойлойт элем, бизде коррупциянын башаты чиновниктер арасында болуп жатат. Алардын арасына бул илдет тарап кеткен. Бирок муну менен күрөш аябай жүрүп жатат. Абылов деген мырза, мурун өзгөчө кырдаалдар министри, Малайзияда элчи болгон. Учурда анын үстүнөн бир катар иштер жүрүүдө. Мен ойлойм, бул адамдар коррупцияга батып кеткендер.

Анын айтымында, мурунку премьер-министрлер боюнча да тийиштүү органдар өз сөзүн айтыш керек. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аларга президент тарабынан тапшырма берилди.

Бирок коомчулукта коррупцияны ооздуктоо боюнча иштер жасалбай жатат деген пикир күчтүү. Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын бир катар депутаттары күзгү сессиянын башында эле бул жөнүндө айтып, өкмөттөн жооп алууга аракет жасады. Бирок жарытылуу жооп болгон жок.

Ал эми “Аалам” гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев коррупцияга каршы күрөшүү жылы тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Акыйкат башкаруу жана коррупцияга каршы күрөш жылы деп аталган менен, ал сөз жүзүндө калды. Бийлик тарабынан иш жүзүндө эчтеке жасалган жок. Эч нерсе байкалбайт.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рустанбеков болсо мындай оюн билдирди:

- Коррупцияга каршы күрөштүн белгилерин көрө элекмин. Бирок кечээ күнү “Кыргыз туусу” гезитин карасам, анда социалдык мобилизациялоо жылында райондорго жоопкерчиликтүү болуп бекитилген министрлердин отчёту жарыяланыптыр. Алардын отчёттору мыкты экен. Коррупция деген ушул жерде. Коррупция болбосо министрлер кайдан акча таап, элге таратмак.

Оппозиция өкүлү, “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогунун лидери Азимбек Бекназаров мындай оюн билдирди:

- Биздин оюбузча, Акыйкат башкаруу жылы деп койсо эле - Акыйкат башкаруу болбойт. Бул мезгилде ири коррупционер эмес, алардын кичинейкерлеринин да кылы кыйшайып койгон жок. Кайрадан күндөн күнгө гүлдөп баратат. Ошондуктан бул былтыркы 2200-жылдык, наркы жылдагы Тоо жылы сыяктуу эле кезектеги бир “ширма”.

Өлкөнүн башкы прокуратурасы мамлекетке ондогон миллион доллар зыян алып келген “Жибек жолу” долбооруна байланыштуу маселени Эл өкүлдөр жыйынынын жайкы сессиясында козгоду эле. Бирок ал бул жолу да аягына чыкпай жабылып калды.

Бир кезде президент Аскар Акаев коррупция жетинчи кабатка жетти деп айткан эле. Ал эми жетинчи кабаттан коррупцияга байланыштуу бир да жогорку кызматкер жоопко тартыла элек. Ошондуктан суроо туулат, жетинчи кабатта отурган коррупция өзү менен өзү кантип күрөшөт деген?
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG