Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Карасууда быйыл пахтанын түшүмү начар


ОШ. Карасуу районунда быйыл пахта буласынын түшүмдүүлүгү начар. Быйыл райондо 9 миң гектардан ашуун жерге пахта айдалган. Райондук айыл чарба департаментинин башчысы Таштан Жээнбековдун билдиргенине караганда, пахта талааларынын аянты кеңейгени менен түшүмдүүлүк жылдагыга салыштырмалуу бир кыйла төмөн. Учурда пахта талаасы орточо алганда гектарынан 18-20 центнерден айланууда. Адистердин айтымында бул көрсөткүч өткөн жылдарга салыштырганда 30-35 пайызга төмөн. Быйыл август айынын башында болуп өткөн добулдун кесепетинен район боюнча 460 гектардан ашуун пахта талаасы зыянга учураган. Келтирилген зыяндын өлчөмү 11 млн. сомго жакын акча каражатын түзөт. Жергиликтүү дыйкандар жер салыгынын жана башка жыйымдарды төлөөдөн жеңилдик берүүнү суранып өкмөткө кайрылышкандыгын, бирок алиге чейин канааттандырарлык жооп келбей жатканын билдиришти.

XS
SM
MD
LG