Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Түштүк Вазиристандагы согушкерлердин базалары бутага алынды


Пакистандын согуштук учактары Түштүк Вазиристандагы согушкерлердин базаларын бутага алышты. Исламабаддан келген кабарларга караганда, кечээки операциялар маалында кеминде 50 согушкер жантаслим болду. Пакистан армиясынын басма сөз өкүлү, генерал Шаукат Султан жоочулардын лагери ушул чөлкөмдөгү башкы шаар – Ванадан 25 чакырымдай алыстыкта жайгашканын билдирди. "Ушул аймакта дагы эле чет элдик согушкерлер бар, алар өтө чоң уюшма болбосо да, майда топторго бөлүнгөн жана ар башка жайларда жашырынууда". Генерал Султан андан ары ал жердеги машыгуу лагерлеринде өзбектер, арап, чечендер бар экенин кошумчалады. Күбөлөр кечээки бомбалоодон 70тей киши набыт болгонун, арасында карапайым тургундар да бар экенин билдиришти. Ушул чөлкөмдөгү исламчыл согушкерлерди багындыруу максатында Пакистандын 70 миңдей аскери жайгаштырылган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG