Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

ПАУЭЛЛ: ДАРФУРДА ТУКУМ КУРУТ САЯСАТЫ ЖҮРҮҮДӨ


Эл аралык коомчулук Судандын Дарфур аймагында түзүлгөн оор гуманитардык кырдаалга терең тынчсыздануусун билдирүүдө. АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бейшембиде бул окуяларга кайрылып: Дарфурда тукум курут саясаты жүргүзүлүп жатат деп Судан бийлигин айыптады. Ал эми Судандын тышкы иштер министри Мустафа Осман Исмайил бул айыптоону четке какты.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бейшембиде Сенаттын тышкы карым-катнаштар боюнча комиссиясынын алдында чыгып сүйлөп, Судандын Дарфур аймагындагы кырдаалды алгачкы жолу «геноцид» - «Тукум курут саясаты» деп баалады:

- Биз өзүбүздүн министрликте чогултулган далилдерди иликтеп, аларды Мамлекеттик департаментке башка булактардан түшкөн маалыматтар менен салыштырып чыккан соң, ушундай жыйынтыкка келдик, мен өзүм да ушул тыянакты чыгардым – Дарфурда тукум курут саясаты жүргүзүлүп жатат. Судан өкмөтү жана өкмөтчүл “жанжавиддер” бул үчүн жооптуу. Балким, бул геноцид азыр да улантылып жаткан болушу мүмкүн.

Бул сөздөрдү айтуу менен бирге, Колин Пауэлл араб тектүү жоочулар тобу болгон «жанжавиддердин» кара түстүү карапайым калайыкка каршы чабуулдарын токтотуу үчүн чечкиндүү чараларга барууга эл аралык коомчулукту чакырды. Анын сунушуна караганда, Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңеши атайын резолюция кабыл алышы керек, анда расмий Хартумду Африка Биримдигинин бейпилдик жаратуу күчтөрү менен тыгыз кызматташтыкка, жанжавиддерди куралсыздандырууга, алардын тийешелүү жетекчилерин адилет сотко тартууга милдеттендирүү зарыл. Эгерде Судан бул милдеттенмелерин аткарбаса, анда өлкөгө каршы мунайзат боюнча жана башка экономикалык жаза колдонуу абзел, - делет АКШнын сунушунда.

Ал эми Судандын өкмөтү аймакта атайылап тукум курут саясаты жүргүзүлүп жатат деген айыптоолорду четке кагууда. Жума күнү Судандын тышкы иштер министри Мустафа Осман Исмайил Түштүк Кореянын борбору Сеулда чыгып сүйлөдү. Ал АКШнын Мамлекеттик катчысын өз өлкөсүндөгү президенттик шайлоо алдында коомчулук көңүлүн Ирактагы өлүм-житимдер маселесинен оолактатып, Суданга бурдурууга далаалаттанып жатат деп айтты:

- Бир жагынан, Пауэллдин билдирүүсүнө шайлоо өнөктүгү таасир тийгизди. Экинчи жагынан, Ирактагы уламдан-улам начардаган кырдаал да өз ролун ойноду. АКШ өкмөтү эл аралык коомчулуктун көңүлүн башка аймактарга бурууну көксөп жатат.

Бейшемби күнү кечинде БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын сунушун талкуулап, азырынча бир пикирге келе алган жок. Судандын мунайзатынын негизги кардарларынан болгон жана Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөр - Кытай менен Пакистан бул сунушка каршы чыкты.

Дарфурдагы жаңжалдын айынан 30 миңдей киши набыт болуп, дээрлик бир миллиондон ашуун киши өз үй-өлөң төшөгүнөн айрылып, бозгунчулуктун азабына кабылды. Ушул тапта Африка Биримдигинин 80дей аскердик көзөмөлдөөчүсү Дарфур аймагында жарыяланган ок атышууну токтотуу жараянына байкоо жүргүзүүдө.

Крак Эл аралык тынчтыкты иликтөө институтунун өкүлү, Нотр Дам университетинин профессору Роберт Йохансен эл аралык күчтөрдү аймакка киргизүүнүн зарылдыгы тууралуу «Азаттыкка» мындай дейт:

- Мен сырткаркы бейпилдик күчтөрүнүн көбүрөөк келишин туура деп санаар элем. Балким, алар жабыр тартып жаткандарды кайтаруу үчүн Бириккен Улуттардын колдоосу астында киргени дурустур. Менимче, бул чара расмий Хартумга каршы мунайзат боюнча же башка чектөөлөрдү киргизгенге караганда алда канча маанилүүрөөк болоор эле.

Айрым серепчилер болсо Судан өкмөтү менен ага каршы турган дарфурдук эки саясий топтун Нигерияда жүрүп жаткан саясий сүйлөшүүлөрүн улантуу алгылыктуу деп санашат. Дарфурда 2003-жылдын башында өкмөт менен козголоңчулардын ортосунда салгылашуу башталган. Өкмөттү жактаган арабдардын «жанжавид» деп аталган жоочулар тобу аймактагы карапайым калайыкка тынымсыз бүлүк салып келет. Кара түстүү калайыктын бир кыйласы коңшу Чад өлкөсүнө ооп, баш пааналоого аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG