Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Оппозициялык күчтөр жыйын өткөрүштү


БИШКЕК. Жума күнү түштөн кийин Бишкекте өлкөдөгү оппозициячыл маандайдагы партиялардын жыйыны өттү. Ага «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогуна кирген алты саясий партия жана «Жаңы Кыргызстан», «Кыргызстан коммунистери» партияларынын өкүлдөрү катышты. Жыйында келечекте оппозиция күчтөрүн бириктирүү курултайын өткөрүүгө даярдыктар талкууланды. Курултай сентябрь айынын соңуна белгиленип, анда парламенттик шайлоодо биргелишип аракеттенүү жана президенттик шайлоодо бирдиктүү бир талапкер менен чыгуу маселеси карала турган болду. Курултайды өткөрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун экинчи отуруму келээрки аптада өткөрүлөөрү белгиленди.

XS
SM
MD
LG