Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Аскар Акаевге «Кыргыз эл баатыры» наамын ыйгаруу демилгеси көтөрүлдү


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын «Биримдик» депутаттык фракциясы мамлекет башчысы Аскар Акаевге «Кыргыз эл баатыры» деген наам ыйгаруу демилгесин көтөрдү. Мындай чечим аталган фракциянын жыйынында бир добуштан колдоо тапты. Бул маалымат ишемби күнү фракциясынын мүчөсү Асан Раимкуловдон алынды. «Биримдиктин» курамында Турдакун Усубалиев, Махмуд Күчүков, Акбөкөн Таштанбеков, Жангороз Каниметов баш болгон 12 депутат бар.

Эске сала кетүүчү жагдай, мындай демилгени «КДК» партиясынын атынан Ош облусунун айрым жарандары көтөрүшкөн. Ушул эле облуста жакында «Элим менен элим үчүн» аттуу фонд түзүлүп, ал президент Аскар Акаевдин мөөнөтүн узартуу үчүн референдум өткөрүүгө кол топтоо демилгесин көтөрүп жатканы кабарланган. Айрым оппозиция өкүлдөрү мындай демилгелерди Акүйдүн тымызын аракети катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG