Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

Эл өкүлдөр жыйыны сессияга октябрда чогулат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр жыйынынын кезектеги 21-сессиясы октябрь айынын экинчи жарымында болору күтүлүүдө. Бул тууралуу жыйындын маалымат кызматы кабарлады. Учурда парламент сессиянын күн тартибин тактап жатат. Анда негизги маселе катары быйылкы жылдын бюджетинин аткарылышы жана келерки жыл үчүн республикалык бюджеттин долбоору талкууланат. Кыргыз өкмөтүнүн долбооруна караганда, 2005-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгү 15 миллиард 670 миллион 481 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 16 миллиард 173 миллион 200 миң сомду болуп, таңсыктык менен түзүлмөкчү. Бюджетте социалдык тармакка артыкчылык берилет. Каржы министрлиги болсо келерки жылы бюджет тартибин күчөтүп, маянаны кечиктирбей төлөп берүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилөөдө.

XS
SM
MD
LG