Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Конституциялык сот депутаттын арызын кароону баштайт


БИШКЕК. Конституциялык соттун коллегиясы 21-сентябрь күнү Аскар Акаев Конституциянын жаңы редакциясынын негизинде келээрки президенттик шайлоого ката алабы деген маселени карайт. Мындай маалымат Конституциялык соттун судьясы Качыке Эсенкановдон алынды.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов мындан бир нече күн илгери 2003-жылы кабыл алынган Башмыйзамдын жаңы редакциясынын негизинде мамлекет башчысы Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катыша алабы же жокпу деген суроо менен Жогорку Кеңештин кош палаталарынын Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук комитеттерине кайрылган. Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитети Аскар Акаев 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышууга укугу жок деген чечим чыгарса, ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын комитети Аскар Акаев шайлоого катыша алат деген чечим чыгарган.

XS
SM
MD
LG