КАБУЛ. Кабулда түрмө туткундарын кыйнаган деп айыпталып жаткан үч америкалык жаран сегиз жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылды. Алар уруксатсыз түрмө ачып, туткундарды кыйнаган деп айыптуу табылды. АКШ менен НАТО айыпталган америкалык жарандар менен байланышы бар болгонун мойнуна алышканы менен, алардын аракеттерин тескеп-көздөшкөнү жөнүндөгү маалыматтарды четке кагышкан.