Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:43

Иракта башы жок үч кишинин сөөгү табылды


БАГДАД. Ирактын аскерлери Багдаттын түндүк тарабынан башы жок үч кишинин сөөгүн таап алышты. Полициянын айтымында, сөөктөр барымтага алынган чет элдиктерге таандык жана өлгөн кишилердин денелерине арабча жана түркчө жазуулар жазылган. Ирактагы согушкер топтор бир топ чет элдикти, анын катарында, Франциялык эки журналистти, гуманитардык уюмдардын италиялык эки аял кызматкерин барымтада кармап турушат. Бүгүн согушкер топ түркиялык жаранды барымта туткундан бошотконун ырастаган видеокассетаны көрсөттү. Согушкерлердин айтымында, алар түрк туткунун ал ислам динин кабыл алган соң, койо беришкен. Ошону менен бирге эле бүгүн Иорданиянын унаа фирмасы кызматкерин барымтага алган топтун талаптарын аткарып, Ирактагы ишкердүүлүгүн токтотконун жарыялады.

XS
SM
MD
LG